Сокулук районуна караштуу Жал айылынын жаштары машыгуу залын оңдотуу үчүн айыл өкмөтүнө кайрылышты. Айыл өкмөтү спорт залды оңдоо иштери кийинки жылы башталышы мүмкүн экенин айтты.
Машыгуучу жайдын абалы начар жана башка көйгөйү көп: көптөгөн керектүү электр энергиясы, жылуу суу жоктугунан кыйналып машыгуу мүмкүн эмес.
Башка айылдардан келип машыгып кетишет. Бирок кээ бирлерине жакпай калышы толук ыктымал. Кышкысын машыга албай, суукта тердегенде суук тийип ооруп калышы да мүмкүн.
Даярдаган: Калыс Кылычбеков
Редактору: Дастан Жаркымбаев
Монтаж: Азамат Кубанычбек уулу