Жаңы-Талап айылындагы Бөбөк-Тай бала бакчасында “Кош бол, бакчам” майрамы болуп, жеткинчектер үйрөнгөндөрүн ата-энелерине көрсөтүштү. Майрамда бөбөктөр ырларды ырдашып, бийлерди бийлешип, жомок жана тамак көрүнүштөрдү коюп беришти.




Тайпанын тарбиячысы Анаркүл Бугучиева:
— Бакчанын бүгүнкү бүтүрүүчүлөрү мектептин даярдоо классына буюрса даяр болуп калышты. Тамгаларды таанышат. Калем кармоону билишет. Сүрөт тарта алышат. Сүйлөө кептери жакшы. Ойлорун тартынбай айта алышат. Ар убак колдоо көрсөтүп келишкен ата-энелерге рахмат.
Бакчанын бүтүрүүчүлөрү жаңы окуу жылында даярдоо классынын босогосун атташат.
Даядаган: Кулманбетова Мээрим