Жаңы-Талап айылындагы Байымбет атындагы орто мектебинин быйылкы окуу жылындагы бүтүрүүчүлөрү жаңы мектепке жемиш бактарын алма, өрүк, кара өрүк жана сирендин көчөттөрүн отургузушту.



Мектептин социалдык педагогу Мээрим Кулманбетова:
— Мектептин бүтүрүүчүлөрү жылда салт катары мектепте белек калтыршчу. Бул жолу жаңы салынган мектепке жемиш бактарын отургузуп жатышат. Бул абдан жакшы саамалык. Анткени айланабызды көрктөндүрүп-жашылдандырууга кошкон салым деп ойлойм. Эски мектебибизде алма багыбыз бар. Окуу жылы буткүчө карап, өздөрү сугарып турушат. Эми бул демилгени улам кийинки бутүрүүчүлөр колго алса, жаңы мектебибиздин айланасы жашыл бакчага айланат.
Даярдаган: Эльвира Кубанычбекова