«Барскоон» мектепке чейинки билим берүү уюуму түзүлгөндөн бери канчалаган жылыштар болду. Каралбай калган имараттын ордуна түзүлдү эле, азыр өзгөрүүлөр болуп Жети-Өгүз районундагы алдынкы бала бакчалардан болуп эсептелет.
Үстүбүздөгү жылдын март айында Асел Эсенгулова бала бакчанын тарбиячысынын иш аракети менен райондук деӊгээлде ачык сабак өттү.
Иш-чарага Жети-Өгүз районундагы бала бакчалардын тарбиячылары келип катышты. Катышуучулардын саны болжол менен 30дан ашты.
Ачык сабакка Асел Эсенгулова тарбиялаган 4-5 жаштагы балдар катышышты. Башка сабактан айырмаланып балдар жөнөкөй оюундар менен чектелбестен кыргыз элинин улуу мурастарын, каада –салтын, улуттук тамагын, улуттук оюундарын жатка жатка айтып көрүүчүлөрдү таӊ калтырышты. Андан тышкары айтып эле бербестен көргөзүп, ойноп дагы беришти. Асел Эсенгулова балдады окутуп эле тим болбостон кол өнөрчүлүк жактарын дагы үйрөтүү менен алектенет.
Бала бакчадагы балдар өз ар түрдүү жалбырак, жаӊгак, түстүү кагаз, пластиллиндер менен ар кандай сүрөттөрдү жасаганды да үйрөнүшкөн. мындан тышкары куурчак театрда да ойноп келишет.
Күбөлөр 4-5 жаштагы балдардын билгичтигине, аракетине жана унутта калып бара жаткан салттарына кайра дем бергенине жогору баа беришти. Жада калса баалоо дагы улуттук колоритте болду.
Даярдаган: Айдай Кудайбергенова