Иш-чаранын жүрүшүндө шахмат оюнуна кызыккан окуучулар өз күчтөрүн сынап көрүштү. Сокулук районунун Фрунзе атындагы №1 лицейинин шахматчы окуучуларын Мамыралиев гимназия мектебинин окуучулары кубануу менен тосуп алышты.

Шахмат мелдешин Мамыралиев мектебинин шахмат ийримиин жетекчиси Эрмат Усубалиев жана Фрунзе лицейинин дене тарбия мугалими Шаисмаил Хамраев уюштурушкан. Максаты — мектеп окуучуларын шахмат оюнуна кызыгуусун арттыруу. Себеби шахмат логикалыкалык ой жүгүртүүүнү, математиканы сүйүүгө тарбиялайт.


Шаисмаил Хамраев:
— Мен 18 жылдан бери мектепте дене тарбия мугалими болуп эмгектенип келем. Шахмат менен алектенгениме бир жылдын жүзү болду. Сиздердин мектептин мугалими Эрмат Усубалиев менен таанышканыма кубанычтамын. Агайдан көп насаат алдым. Биргеликте сүйлөшүп окуучулардын шахматка кызыгуусун жогорулатууну чечтик. Мына бүгүн силердин мектепте биринчи жолугушуубуз өттү. Мектеп мугалимдери бизди жаркын маанайлары менен тосуп алгандары абдан кубандырды. Мектеп директору Динара Жолдошбековнага шахмат оюнун көтөруудө окуучуларды колдоп шарт түзүп бергендигине терең ыраазычылык билдирүү менен 10-майда биздин мектепке жолугушууга келүүсүн күтөбүз.
Эрмат Усубалиев:
— Мен бүгүн Сокулуктун Фрунзе лицейинин окуучулары жана биздин мектептин окуучулары менен “Жолдоштук жолугушуу” оюнунун өткөрүлгөнүнө кубанычтамын. Коноктордон 21 окуучу келишти. Алар 1-10-классынын окуучуулары. Өтө кубандырганы — арасында эки шахматист 5 жашта экени.

Даярдаган: Асел Эркинбек кызы
Редактор: Ууржан Молдокулов