Советтер союзунун баатыры Степаненконун жаркын элесине арналган гандбол оюну боюнча спорттук таймаш Беловодск айылында болуп өттү. Ал спорттук таймашка Бишкек шаарынын, Беловодск жана Сокулук районунун окуучулары катышты.

Бул спорттук “Достук” мелдеши алдыда келе жаткан 9-май Жеңиш майрамынын алкагында өткөрүлдү. Иш-чаранын максаты — жаш өспүрүмдөрдү спорт оюндары менен машыктырууда патриоттук сезимдерин тарбиялоо. Себеби мелдеш Советтер союзунун баатыры Степаненконун жаркын элесине арналды. Мамыралиев гимназия орто мектебинин окуучулары барып, ийгиликтерге ээ болушту.



Нурбек Ашыров, дене тарбия мугалими:
— Бул спорттук таймаштардын өткөрүлүш максаты — окуучулардын ден соолугун чындоо, спортту сүйүүгө үндөө. 2015-жылдан тартып биздин мектептин гандбол оюну боюнча командасы түзүлгөн. Жыл сайын гандбол боюнча уюшулган мелдештерге катышып келебиз. Мына бүгүнда Беловодск айылында 9-майга карата өткөрүлгөн мелдешке катышып жеңиш менен кайттык.
Спорттук таймашка Бишкек шаарынан 1, Белаводсктон 2 жана Сокулук районунан Рүстөмбек Мамыралиев атындагы гимназия орто мектебинен бир командасы катышты.
“Достук” мелдешинин жыйынтыгында эстелик үчүн “Степаненконун” ысымында медалдар менен сыйланышты.
Даярдаган: Динара Жолдошбекова
Редактору: Дастан Жаркымбаев