Сокулук районуна караштуу Жал айылында окуучулардын спорттук эстафеталык жарыштары өтүп, 9-класстар жеңүүчү аталышты.
Бул спорттук иш-чара мектепте жыл сайын өткөрүлөт. Эстафетаны өткөрүүнүн максаты — окуучулар спорт менен машыгып, ден соолуктарын чыңдоосун, ошондой эле бош убактыларын туура пайдаланууга үндөө. Анткени, балдар учурда интернет оюндары менен алек. Бош убактысын туура пайдаланбай жүргөндүктөн ар түрдүү зыян адаттарга кабылып жаткан учурлар болот.
Алмаз Ахметов, эстафетанын уюштуруучусу:
— Бул эстафетага 9-10-11-класстын окуучулары катышты. Эстафетада окуучулар спорттук тапшырмаларды аткарып жарышышты жана крос чуркашты. Эстафетанын өткөргөнүмдүн себеби балдардын спортко кызыгуусун көтөрүу. Азыркы маалда балдар интернеттен чыкпайт. Балдарды качан караба колдорунда телефон. Мен окуучуларды телефон менен көп олтурбай спорт менен машыгууну айткым келди. 1-орунду 9-а жана 9-г класстын окуучулары алышты. 2-орунду — 9-б менен 9-в класс, 3-орунду 11-б класс алды. Окуучуларга ден соолуктарын чындап, бош убактарын эмгек жана ар түрдүү кружокторго катышып өткөрүүлөрүн каалайт элем.
Даярдаган: Акыл Манасбек уулу
Редактору: Азамат Кубанычбек уулу