Сокулук районуна караштуу Жал айылындагы Рүстөмбек Мамыралиев гимназия орто мектебинде башталгыч класстардын «Алиппе» майрамы өттү.


“Алиппе” майрамы «Ыйман, адеп жана маданият жылынын» алкагында өткөрүлүп жаткандыктан Манас айтуу, сценка, хор, ырлар жана кыргыз, индия, орус элинин бийин тартуулап көрсөтүштү. Ата-энелер, чоң энелер окуучуларга каалоо-тилектерин жана мугалимдерге өз ыраазычылыгын айтып кетишти.


Ажар Асанкулова:
— Мен Мамыралив мектебинде иштеп жатканыма болжол менен бир жыл болоюн деп калды. Бүгүн 29-апрелде “Алиппе” майрамы 1-“г” жана 1-“д”орус класстарында өттү. Биринчи жооптуу ишим болду. Ата-энелердин астында балдар бир жыл ичинде үйрөнгөндөрүн көрсөтүштү. Окуучулардын ичинен сөзүн унутуп койгондор болду, эми ар бир нерсенин катасы болот экен. Аябай жакшы маанайда өттү иш-чара. Мунун баарын даярдаш өтө кыйын болду. Анткени балдарга жататтыш керек жана ошондой эле сүрдөнүп айта албай такалып калгандар дагы болду. Бирок, ага карабастан эки жума аралыгында жататтып, үйрөттүк. Жыйынтык иш-чарабыз максатына жетти деп ойлойм.
Даярдаган: Асел Эркинбек кызы
Редактору: Ууржан Молдокулов