Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев орто мектебинде жеткинчектердин “Алиппе” майрамы белгиленди. Анда окуучулар жыл бою үйрөнгөндөрүн ата-энелерине, окуучуларга көрсөтүп беришти.
Ар бири өзүнө бөлүнгөн тамгалар боюнча ырларды айтышып, бий бийлеп, жомоктордон үзүндүлөрдү коюшту.
Айрым класстардын окуучулары жаныбар же канаттуулардын элесин берген формаларды атайын майрам үчүн даярдашкан.
1-а класстын жетекчиси А.Кулманбетова:
— Бүгүн ата-энелерге, мугалимдерге биз эмне үйрөнгөнүбүздү көрсөтүп жатабыз. Бир топ жетишкендиктерге ээ болдук. Азыркы окуучулар бардыгына жөндөмдүү. Ал эми формаларды ата-эненин көмөгү менен даярдадык.
Даярдаган: Жылдызбекова Алтынай