Ак-Талаа райондук маданият үйүндө “Адеп башаты” коомдук фондунун жетекчиси Максат Таласбаев жана башка дин өкүлдөрү окуучулар жана ата-энелер менен жыйын өткөрүп, ыйман, адеп, маданият тууралуу ой-толгоолорун бөлүшүп, пикир алмашты.



Алгач аталган жылга байланыштуу мектептерде өткөн иш-чаралар тууралуу маалыматтар берилди. Андан соң фонддун жетекчиси Таласбаев «Ыйман деген эмне? Ал эмнеге негизделет? Ыймандуу адам кандай болуш керек?» деген суроолордун тегерегинде ой бөлүштү.
— Мухаммед пайгамбарыбыз адамдарды үчкө бөлгөн. Биринчи адамдар апелсинге окшош, жесең даамдуу, жыттасаң жыттуу. Демек мындай адамдар айткан насаатын биринчи өзү аткарат жана айтканына кылган иши дал келет. Ыймандуулардын катарына кирет. Экинчилер райхан чөпкө окшош. Жыттасаң жыттуу, бирок чайнасан ачуу. Мындай адамдар менен мамиле кылсаң, бир аздан кийин ачуусу көрүнө баштайт. Ал эми үчүнчү түрдөгү адамдар булар ачыган дарбызга окшош — ичи да, тышы да жаман.
Аалым өз сөзүндө жыйынга катышкандарды улууну сыйлоого, кичүүнү ызаттоого, ыймандуу болууга чакырды. Ошондой эле айткан сөздү аткаруу керектигин кошумчалады.


Жыйындын жүрүшүндө дин өкүлдөрүнө көрүүчүлөр суроолорду беришип, пикир алмашышты. Жыйынга райондун акими Семетей Черикбаев жана райондук билим берүү бөлумүнүн башчысы К.Эсеналиев катышты.
Даярдаган: Г. Мамытбекова