Мындай маалыматты дин өкүлдөрүнүн ата-энелер жана окуучулар менен болгон жолугушуусунда Ак-Талаа районунун акими Семетей Черикбаев билдирди.

Анын айтымында, республика боюнча Ак-Талаа району башка диний агымдарга кирип кеткен адамдардын саны боюнча рекорд коюуда.
— Бул эң коркунучтуу нерсе. Карабай жатабыз да балдарыбыз, аяш уулдарбыз, кошуналарыбыз жүрүп жатат ошерде.
Черикбаев мындай агымдар менен учурда 3-4 тиешелүү орган эле иштеп жатканын, жапырт киришүү керектигин, ага кирип алгандан кийин кайра чыкпастан катарын көбөйтуп жатканын кошумчалады.
Даярдаган: Г. Мамытбекова