Мындай маалымат райондогу мектеп администрациялары менен бирге өткөн коллегияда айтылды.
Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев:
— Быйылкы окуу жылы аяктаганга чейин айрым мектептерде коюлат. Ал эми калган мектептер жаңы жылына өз аракеттери менен каражат таап коюшу керек. Бул боюнча тапшырмалар мектеп жетекчилерине берилген. Аракеттер көрүлүп жатат.
Мектеп жетекчилери бул ишти колго алышарын айтышты. Анткени учурда мектептерде өспурүмдөр арасында пикир келишпестиктерди алдын алуу иштерин жүргүзүүгө жардам болорун кошумчалашты.
Даярдаган: Г. Мамытбекова