Мындан төрт жыл мурда Баетов айылындагы жана ага чектеш айыл өкмөттөрдүн жайыт чек араларын комиссия менен бирдикте «Атлас плюс» уюму тактап, Терек, Ак-Чий участкалары мурдагы турган боюнча бөлүнгөн. Белгиленген чек ара чектери боюнча жайыт пайдалануучуларга маалымат берилип түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн болчу.
Бул тууралуу Баетов айылындагы жайыт комитетинин башчысы Жээнбек Ташматов:
— Комиссиялар баары чыгып картага кол коюшкан. Ошол бөлүнгөндө Терек, Ак-Чий участкасы мурдакы боюнча эле бөлүнгөн да. Чабандарга түшүндүргөнбүз. Алар билет. Ал жакка отурушпайт. Чабандарды жайгаштырганда бүт өзүбүздүн чек арага жайгаштырабыз.
Жайлоого көчкөндө чабандар кайсы жайытка жайлай тургандарын билишет. Биринин жайытына бири конуп ээлик кылбайт. Бирок айрым учурда мал бир чектен экинчи бир чабандын чегине өтүп кеткен учурда маселе жаралат дейт Баетов айылынын тургуну Төлөбү Осмонова.
— Мал деген мал. Бири чыкса бири кирип кетет. Биздин жайлоодон ары айдап жибергендери да болот. Издейбиз. Кээде ордунан тапсак, кээде табылбай жоголуп, төлөгөн учур да болот.
Баетов айылында учурда жалпы 30 миң 356 гектар жайыт жерлер бар. Мунун 8 миң гектарга жакыны алыскы Арпа жайлоосунда болсо, 22 миң гектары Орто-Сырт жана Кара-Суу жайлоолорунда. Негизинен жайыттарды сарамжалдуу пайдалануу, чек араларын тактоо маселелерин жөнгө салууда Баетов айыл өкмөтүнүн башчысы Талант Турусбеков кандай иштер жүргүзүлүп жатканына токтолду.
— Негизинен азыр башка иш чараларды жүргүзө элекпиз. Биз ошол которуштуруп эс алдыруу менен гана жайыттарды калыбына келтирүү жумуштарын жасап жатабыз.
Даярдаган: Г.Мамытбекова
Басылма Европа Биримдигинин колдоосу менен даярдалды. Басылманын мазмуну Жамааттык жалпыга маалыммдоо каражаттарынын Ассциациясынын жоопкерчилиги болуп саналат жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.