“Ыйман, адеп жана маданият жылына” карата “Адеп башаты” коомдук фондунун өкүлдөрү Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев орто мектебинин окуучулары менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда окуучуларга ыйман, адеп, маданият тууралуу маалыматтар айтылды. Учурда коомдо негизги көйгөй болуп жаткан, аракечтик, зордук-зомбулук маселелерине байланыштуу видеожүгүртмө көрсөтүлдү.
Ошондой эле адамдык сапаттар, тазалык, жан дүйнө байлыгы тууралуу айтылгандар окуучуларды кайдыгер калтырган жок. Ата-энеден жетим калган баланын аянычтуу тагдырын баяндаган тасма көруп отуруп, таасиринен айрым окуучулар көздөрүнө жаш алышты.
Аталган фонддун жетекчиси Максат Таласбаев:
— Ата-энени, мугалимди сыйлагыла. Таза болгула. Ыйман тазалыктын үстүнө курулат. Өзүңө каалаган жакшылыкты башкага да каала. Эч нерсе колуңдан келбесе жок дегенде башкага тоскоол болчу нерсени жолдон алып сал.
Ал эми мектеп директору Ч.Рысбаева жолугушуу балдар үчүн кызыктуу болгонун жана мындан кийин да мындай иш-чаралардын өтүүсүнө көмөктөшөрүн билдирди.
Даярдаган: Нурбек кызы Аймырза