Сокулук районунун Жал айылындагы Рүстөмбек Мамыралиев гимназия орто мектебинен 8-классынын окуучусу Акбермет Өмүрбек кызы “Акыл Ордо” таймашынын финалына жетти. .
Ал “Акыл Ордо” таймашында өз билимин сынап, ыраазычылык кат жана баалуу белектер менен сыйланып келди.
Акбермет Өмүрбек кызы, окуучу:
— Мен “Акыл Ордого” мектептин директоу Динара Жолдошбекова аркылуу барып калдым. “Акыл Ордого” бараардын алдында толкундоолор болду, бирок бара-бара суроолорго жооп берип, тез эле көнүп кеттим. Мурун олимпиадаларга жана башка конкурстарга катышып жүрчүмүн, бирок “Акыл Ордого” биринчи жолу катыштым. Мен “Акыл Ордодон” 1-2 турдан өтүп, 3-турунда кичине калганда өз максатыма толук жете албай калды. Катышуумдун себеби, билимимди сыноо болгон. Өзүм үчүн дагы көп сабак алдым.
Тургуналиева Калиман:
— Мен Акберметтин апасымын, кызым “Акыл ордого” катышканына абдан кубанып жатам. Акберметтин катышып келгенине мектептин директоруна рахмат. Акбермет өзү жакшы окуйт, үй жумуштарын көп кылдырбай, окусун дейбиз. Кызым “Акыл ордодон” биринчиликти албаса да абдан сыймыктанып жатабыз. Биздин үй-бүлөөдө кызыбыздын ийгилигине толкундануу, сыймыктануу, кубануу да болууда.
Даярдаган: Асел Эркинбек кызы.
Редактор: Азамат Кубанычбек уулу