Кайсы гана айылдарда болбосун таза суу эӊ манилүү жана чоӊ кѳйгѳй болуп келген. Биздин айылыбызда ошолордун санына кирип калган, бирок ошентсе да беш жыл мурун таза суу келүүчү жолдун абалы менен азыркы абалын салыштырып болбойт. Мурдагы жылдан баштап таза суу түтүкчѳлѳрү оӊдолуп, атайын ичүүчү таза суунун тарификатциясын кѳзѳмѳлдѳѳчү ишкана түзүлүп ошону менен жумуш оордулары дагы түзүлгѳн. Анын гигиеналык жана санитардык талаптарга жооп береби же жокбу муну текшерүү үчүн санапистансиядан келип биз ичип жаткан таза суудан кѳрсѳтмѳ алып кеткенин «Таарылга Булак» бирикмесинин директору Исмайыл Иманалиев билдирди:
«68 жылы курулган экен. Ошондон бери ремонт иштери болуп келе жатып биз былтыр ребилтатсия оӊдодук. Мындай негизинен 90-80%ти камсыз болуп атат. Аснавной галавной баштарынын баары жасалды. Ошол январдын 15инде кичине тоӊдуруп алдык. Анткени казу иштеринде ушул менен ѳзүлѳрү казып беришкен милдетин алышкан. Суукта ушул казганы кичине тайызырак болуп калыптыр. Ошондон кичине тоӊдуруп алдык да. Ошол жерде бир жүз түтүндѳй бар. Эми гигиеналык биз моу жерден хлор гана салалбайтабыз. Зданиясын дагы куруп койгонбуз. Калган обарудаваниясын баарын таап чогултуп калдык. Кечѳѳ санапстасиядан келип кетишти. Абдан разы болуп кетишти. Айылдардын баарын кыдырып келатыптыр. Кѳп айылдарга караганда Барскоондуку жакшы экен деп кетишти. Эми ошол хлорду күтүп атабыз буйурса. Ѳкмѳт жардам берсе хлор сатып алууга».
Ишканага айылдын бужетинен акча каражатын бѳлүү таза суу жана андан башка кѳйгѳйлѳрүн чечип берүү укугуна ээ болгон айыл кеӊешинин депутаттары менен да байланыштык. Нурила Жаныгулова бул маселе боюнча бир ганча чогулуштар ѳтүлүп, кѳйгѳй четинен чечилип келе жатканын жана таза суу маселеси жакынкы арада толугу менен чечилип кетет деп ишенимдүү айталбастыгын ѳз сѳзүндѳ билдирип ѳттү:
«Эки жарым милион бѳлүнгѳн дагы ремонт жасалган бирок биз азыр таза суу ичкен жерибиз жок. Атайын резирвар болгон жок. Ал үчүн атайын проектиге кириш керек экен. Проекти 85 миллион сом болот. Биринчи маселе биздин Барскоон үчүн таза суу эсептелет. Бул убактарда чечилип калат деп мен толук срокто айталбайм. Себеби бул канчадан бери эле мына чечилет ана чечилет болуп келтат. Эми бул таза сууну жакын арада чечилип кетет го деген ишенимдүү айталбайм».
Канседа айылдын суусу арыктар жана түтүктѳр аркылуу келет. Таза суу кѳйгѳйүнүн чечилишине айыл тургундары да ар түрдү да ойлорду айтып келишет. Ошолордун бири болуп айыл тургуну Карыбай Алчекиров ичүүчү таза сууга эч кандай доосу жок экендигин билдирип тѳмѳнкүлѳрдү айтып берди:
«Биз ичип аткан суу жакшы, аябай жакшы түзүк деп ойлойм. Себеби ѳзүбүздүн тоодон түшкѳн булактардан тазалыгы айабай жакшы. Түзүк иштеп жатышат менимче жана ѳзүлѳрүнүн иштеген иштерин кѳрсѳтүп жатышат.Эч кандай эмем жок. Жаман ойум жок. Мен жакшы деп ойлойм».
Суу бул тазалыктын жана молчулуктун белгиси. Суусуз жашоо болбойт. Ошондуктан ишкананын кызматкерлери же айыл депутаттары гана эмес ар бир айыл тургуну таза сууну сарамжалдуу жана таза пайдаланып колдоо кѳрсѳтүүсү тийиш. Даяардаган: Гүлкайыр Осмоналиева .
«Бул басылма Европа Биримдигинин колдоосу менен даярдалды. Басылманын мазмуну Жамааттык ЖМКлардын Ассоциациясынын жоопкерчилиги болуп саналат жана Европа Биримдигинин кѳз карашын чагылдырбайт.