Коңорчок айылындагы Н.Жыргалбекова атындагы орто мектебинде Элдик революциянын 7 жылдыгына карата мугалимдер жана окуучулар менен бирге “Түбөлүк таазим силерге, апрель баатырлары” деп аталган иш-чара өттү. Алгач курман болгондордун арбагына багышталып куран окулду.


Андан соң бул датага байланыштуу сүрөттөрдүн көргөзмөсү уюштурулуп, окуучулар 7-апрелдеги окуялар тууралуу баяндама жасашты. Ошондой эле революциянын каармандарына арналган видеожүгүртмө көрсөтүлдү.
Мектептин социалдык педагогу Аида Апасова:
— Апрель революциясында курман болгон мекендештерди эскерип, эрдиктерин даңаза кылуу милдетибиз. Бүгүнкү иш-чаранын максаты да мына ушул.
Даярдаган: Г.Мамытбекова