Жайыл районунун Кара-Суу орто мектебинде ишембиликтер өтүп жаткан чагы. Мектептин жамааты окуучулар менен бирге мектептин, айылдын тегеректерин тазалап, ар кандай көчөттөрдү отургузуп жатышат.
Кара-Суу айыл өкмөтү тарабынан берилген 30 түп балатынын көчөттөрүн окуучулар менен мугалимдер мектептин тегерегине отургузуп коюшту. Былтыр үч көчөт берилсе быйыл 30 көчөт берилди. мектептин айланасы мурдагыдан да көрктүү болуп калат деп ойлойбуз.





Даярдагандар: Сезим Айылчиева, Ибраимова Канышай
Тренер: Бейшенбекова Гүлзаада
Сынак үчүн