Такси деген термин француздардын ”Taximetr”деген сөзүнөн келип чыгып бизде баалардын эсеби деген маанини билдирет. Такси менен акча табуу байыркы Римден келип чыккан. Ал убакта эки дөңгөлөктүү араба сыяктуу унаалар менен жүрүшкөн.
Ошондо деле таксинин баасы жана өзүнө тиешелүү кызматы каралган. 1636-жылы Лондондо кийин Парижде пайда болгон. XIX кылымдын аягында такси кызматы Орусияга келип жеткен.

Биз адамдар дайыма шашабыз жумушка, үйгө, бала бакчага айтоор бизде ар дайым убакыт тар. Машинаң жок болсо андан да кыйын. Бул учурда биз албетте такси кызматын пайдаланабыз. Мына дал ушул такси кызматы кардаарлардын талаптарына жооп береби жана кирешелүү бизнес жөнүндө таксисттерден маалымат алдык.

Талас шаарынын тургундары такси кызматын эрте келишине карап жана таксистердин кылган мамилесине дагы көңүл бурарын билдиришти.

Даярдагандар: Мират кызы Неля, Камчыбекова Рахат