Бүгүн 08.04.2017- жылы Сүлүктү шаарындагы №9- мектеп-гимназиясында, новатор педагог Гапыр Мадаминовдун «Ата-энелер сиздер үчүн» китебинин негизинде Мыкты Эне конкурсу болуп өттү.

Конкурска Гапыр Маматкулович өзү, Сүлүктү шаарынын вице-мэри М.Э. Сапаркулова, билим берүү бөлүмүнүн башчысы А. Ж. Исманов, шаардын баш имам-хатиби Муса ажы Жолдошов, шаардык төрөт үйүнүн башчысы Г. Х. Самадова ж.б бир төп жетекчилер катышып конкурсант энелерге дем күч берип турду.


«Лейлек районунун Голбо айылынан да энелер келип көрүүчү болгону Мыкты Эне-2017 конкурсунун өтө жогорку деңгээлде болгонунан кабар берет»- дейт ата-энелер комитетинин төрайымы Самадова Гульнара Халиевна.
(сүрөттө солдон оңго: Б. Рустамова жана Г. Самадовалар) 
Жыйынтыгында 6 эненин ичинен Акимова Алтынай жеңүүчү деп табылды.
Жыйын соңунда бардык ата-энелер уюштуруп өткөргөн №9-гимнизиянын директору Б. С. Рустамовага жана китептин автору, Лейлек районундагы №3- Эксперименталдык (облустук маанидеги) гимназиясынын директору Г. М. Мадаминовго терең ыраазычылыктарын билдирди.

Ушундай эле конкурс Сүлүктү шаарындагы №4-орто мектебинде да болуп өткөндүгүн кошумчалайбыз.
Кабарчы: Анварбек Тухтаров