Ак-Талаа районундагы Шүкүрбек Бейшеналиев орто мектебинде 7-апрелге карата бир катар иш-чаралар өткөрүлдү. “Эр төрөгөн эр өлбөйт” деген аталышта Баатырлар залы уюштурулуп, анда курман болгон кыргыз уулдарынын сүрөттөрү коюлду.
Ошондой эле жаш сүрөтчүлөрдүн кыл калеминен жаралган сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү уюштурулду. Мектептин 8-6-классынын окуучулары Баатырлар залында эскерүү линейкасын өткөрүшүп, анда бакиевдик бийликтин режими, ошол күндөгү кандуу окуялар тууралуу түшүнүк беришти.

Мектептин директору Ч. Рысбаева:
— Бул күн кыргыз элинин тарыхында кандуу окуялар менен коштолгон күн катары калат. Силер элиңердин мыкты атуулу болушуңарды жана Мекенди көздүн карегиндей сактаган эр көкүрөк болушуңарды каалайбыз. Эрдиктерди ээскерүү ар бирибиздин парзыбыз.
7-апрелде шейит кеткен акталаалык Карасартов Адилет, Камаев Усөнбек, Ажымамбетов Акылбектин өмүр баянынан маалымат берилип, маркумдарга арналган ырлар окулду. Мындан сырткары окуучулар Элдик революцияга арналган залга экскурсия кылышты.
Даярдаган: Кубанычбекова Эльвира