Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев орто мектебинде ата-энелер жана окуучулар менен бирге мектеп рекетчилиги туурасында талкуу болду.
Ата-энелер турмуштук мисалдардан улам аталган көйгөйдү жеңүүдө балдарына жакындан жардам бере албай аткандыктарын айтышты. 11-класстагы окуучунун энеси Чынар:
— Балдар ачыгын айтышпайт. Азыр көп ата-энелер балдарыбызга сөзүбүз өтпөй калганы жашыруун эмес го. Рекетчилик мектепке сырттан келет деп ойлойм. Эгерде ошол сырткы күчтөрдөн басым болбосо, бул нерсе токтойт эле. Өзүбүз да бир аз кайдыгер болуп жатабыз.




Ал эми мектептин социалдык педагогу Бурул Жангазиева:
— Учурда бул ар бир мектепте оор маселе болуп саналат. Мындай кадамдын аягы айрым учурда өлүм менен аяктап жатканы өтө өкүнүчтүү. Рекетчиликти алдын алууда жалгыз мугалимдин колунан келбейт. Ошол себептүү бул маселеге келгенде коомчулук четте карап турбашы керек. Биз эми алдын алуу, түшүндурүү иштерин дайыма жүргүзүп жатабыз.
Даярдаган: Жылдызбекова Алтынай