Нарын районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылындагы бала бакчасынын курулушу беш айлык тыныгуудан кийин кайра уланат.
Бул тууралуу Кызыл-Жылдыз айылынын башчысы Кыдырбек Абдырахмановго кайрылып, качан курулуш иштери улантылаары тууралуу сурадык.
“Жалпы баасы 11 500 000 сом. Аны Рысалиев Нурлан Прожект ОССО фирмасы утуп алып, сегиз ай ичинде салып бүтүшмөк. Бирок Нарын облусунун суугуна байланыштуу, тендерди кеч күздө утуп алышып, анан убакыт болбой калган. Фундаменттердин ордун даярдашып, бирок куйганга жетишпей калышкан. Анан климаттын суук болгонуна байланыштуу айыл өкмөт жана комиссия менен бирдикте кышкысын фундаментин куюууга уруксат бербей койгонбуз. Сырткы корпусун жасап коюшуптур, анан 15-апреллде келип тезирээк бүтүргөнгө аракет кылабыз дешти», — деп билдирди ал.
Бала бакчанын зарылдыгын айыл тургундары дагы айтты. Кызыл-Жылдыз айылынын тургуну Жаныбек Өмурчиев:
“Салуу иштерин баштай берсе болот эле, бирок негизи кечигип жатышат. Бизге эртерээк бүткөнү жакшы болуп жатат. Эски мектептеги бала бакча тар болгонуна байланыштуу балдардын баары кыйналып жатышат”, — дедди.
Буга чейин Кызыл-Жылдыз айылында өзүнчө бала бакча жок болгондуктан мектептин 4 бөлмөсүн бала бакча катары иштетилип келет. Кызыл-Жылдыз айылында 1287 адам жашайт.
Даярдаган: Нуриза Аскарбек кызы
«Кара-Чий жамааттык мультимедиа борбору»
Нарын району