Нарын районунун Кара-Чий айылынын жашоочулары сайдан аккан сууну
ичишет. Айылда ич өткөк оорулары көбөйгөндүктөн кооптонгон эл лабораториялык анализге жөнөткөн — жыйынтыгы «ичүүгө жараксыз» деп чыккан.
Кара-Чий айылы Нарын шаарынан 30 километр алыс жайгашкан. Чакан айылда 220дан ашуун үй-бүлө жашайт. Айылда союз убагында орнотулган суу түтүктөрү бар. Бирок бир да жолу таза суу чыккан эмес. Эмнеге андай болгону ушул күнгө чейин белгисиз. Мындан улам пайдаланылбаган түтүктөр чирий баштаган. Учурда элеттиктер мал-жаны баштап баары бир эле сайдан аралашып суу ичүүгө аргасыз.
«Баламды сууга жибергенден корком»
Кара-Чий айылынын тургуну Нарынкүл Султанова 28 жыл мурун ушул айылга келин болуп келген. Ал келин болуп келгенден баштап эле таза суу маселеси чечилбей келгенин айтат.
«Таза суу союз маалынан эле чыкпайт экен. Мен бул айылга келгенден баштап өзүм да, баламдын да ич оорулары пайда болуп, жылда ооруканага барып текшерүүдөн өтүп турабыз. Сай терең болгондуктан баламды сууга дагы жиберүүдөн корком, себеби жаш бала эмес чоң адам түшүп кетиши ыктымал. Эки жыл мурун биздин айылдагы келин сайдан суу алам деп түшүп кеткен, бирок эң жакшысы аман калган. Андан мурда дагы бир бала суу алып жатып муздан тайгаланып чөгүп кеткен», — деди ал.
Жергиликтүүлөрдүн айтымында, айылга келген коноктор алгач эле суунун кир экенин байкашат, өзгөчө жаз айларында. Анткени сай айылдан ылдый болгондуктан жаан жааса өйдө жактан малдын кыгы ылдый агып келип, сайга кошулат. Ал эми суу бир күн бою туруп калса идиштин түбү балырланып баштайт.
Кара-Чий айылынын дагы бир жашоочусу Асейин Түлөбердиев буга чейин таза суу маселеси боюнча бийлик өкүлдөрүнө кайрылганын айтат. Анткен менен майнап чыккан эмес.
«Сай айылдын төмөн жагында болгондуктан жаан жааганда чыла агып келип кошулат. Анан элестетип көрүңүздөр, чыла аралашкан сууну эл ичкенде эмне болот? Сайдын эң башында Солтон-Сары алтын кени бар. Ал жактан да кир болуп агат кээде. Балдарымдын ичтери ооруйт айрым учурда. Бирок суудан экенин да дарыгерлер так айта алышпайт. Бирок 2010-жылы тургундар чогулуп, суунун сапатын текшерткенибизде “ичүүгө болбойт” деп чыгарып беришкен», —деди ал.
«Элди сууну кайнатып ичүүгө чакырабыз»
Айылдык врач Аида Айткулова жашоочулар ич өткөк оорулары менен көбүрөөк жабыркап жатканын ырастады. Бирок ал ич өткөк оорусу суунун таза эместигинен көп катталып жатканын так айта алган жок. Айткулова адамдардын ден соолугуна суунун сапаты да таасир этишин четке какпайт.
«Чындыгында суу кир агат. Албетте бул адамдардын ден соолугуна терс таасирин бериши мүмкүн. Бирок өздүк гигенаны дагы сактоо зарыл. Колду бат-баттан жууш керек. Дарыгер катары [элди] сууну кайнатып ичүүгө чакырабыз. Анткени сууну кайнатканда чөкмөлөр абдан көп чыгат. Сууну кайнатпай ичкенде ушулардын баары организмде топтолот да», — деди ал.
Бийлик өкүлдөрү эмне дейт?
Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев журналисттерге курган маегинде Кара-Чий айылына таза суу чыгаруу үчүн тендер өткөрүлүп, бирок иш аягына чыкпай калганын билдирди. Бирок, ал апрель айынын аягына чейин ишти толук бүтүртүп, таза суу чыгартып беребиз деп ишендирди.
«Мен Кара-Чий айылына буга чейин баргам. Элдин көйгөйү менен таанышкан болчумун. Ал жакта эң негизги элди түйшөлтөк таза суу экен. Ошол жерден дароо айыл башчыга тапшырма бергем, “таза суу чыгаруу боюнча ишти баштагыла” деп. Бүгүн дагы сиздер чалгандан кийин дагы тактадым, ушул жылы ишке бергенге аракет кылабыз. Элибиз таза суу менен камсыз болот», — деди Ашимбаев.
Нарын облусунун капиталдык курулуш башкармалыгы 2017-жылы таза суу чыгаруу боюнча тендер өткөргөн. Тендерди «Юнис-Курулуш» компаниясы уткан. Жалпы сметалык баасы 35 849 100 сомго келишим түзүлүп, 2021-жылга чейин иштер аткарылган. Тагыраагы жер казылып, түтүктөр орнотула баштаган. Бирок ошол эле жылы Республикалык бюджеттен кайра акча каражаты бөлүнбөй курулуш иштери токтоп калган.
Сабыркул Ашимбаев капиталдык курулуш башкармалыгы таза суунун кайра чыгаруу боюнча быйылкы жылы планга киргизгенин белгилеп, апрель айына чейин бюджеттен 10648 100 сом бөлүнөөрүн кошумчалады.
Кыргызстанда 2019-жылы таза суу жетпеген айылдардын саны 584тү түзгөн. Ошол кездеги өкмөттүн биринчи вице-премьер министри Кубатбек Боронов бул маселени чечүү үчүн бюджеттен 200 миллион сом акча каражатын бөлдүргөн. Анткен менен таза суу жетпеген айылдарга суу чыгарылган эмес.
«Аймактарды өнүктүргүбүз келет»
Өнүктүрүү саясат институтунун (USAID) «Ийгиликтүү аймак 2» долбоорунун координатору Бакыт Айткулов долбоор аймактарды өнүктүрүүгө багытталганын билдирди.
«Биздин долбоордун максаты — калктын жашоо сапатын жакшыртуу. Долбоордун алкагында калкты таза суу менен камсыздоо, айыл жеринде калктуу конуштардын аймактарын көрктөндүрүү жана өнүктүрүү жана ушул сыяктуу маселелер кирет. Мындан сырткары, айыл чарба багытындагы жерлер пайда алып келчү натыйжалуу пайдаланып, жергиликтүү бюджетке кошумча каражаттарды түшүрүү боюнча жардам көрсөтөбүз», — деди ал.
Айткулов белгилегендей, «Ийгиликтүү аймак 2» долбоору Нарын, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустары кирет. Аталган долбоор 2025-жылга чейин ишке ашырылат.
Кыргызстандын коомчулугун өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин Нарын облусундагы өкүлү Улан Байгончоковдун айтымында, суу жетпеген аймактар планга кирсе акча каражаты бөлүнөт.
«Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаменти суу жетпеген айылдардын тизмесин бизге берет. Кайсыл айылга суу жетпейт, ал айыл кандай шартта жайгашкан. Ошолордун баарын жана долбоорун кошо бизге сунушташат. Эгерде биздин планга кирсе анда биз каржылап беребиз. Болгону документ иштерине жана башка майда жумуштарына айыл өкмөт чуркап бүтүрүшү керек», — деди ал.
Анын айтымында, АРИС таза суу менен камсыз кылуу боюнча үч долбоорду ишке ашырып жатканын кошумчалады.
Алар:
Айылды суу менен касыз кылуу жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү долбоору. Ага Ош облусу, Чүй жана Ысык-Көл облустары кирет;
Айылды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны жакшыртуу долбоору. Ага Жалал-Абад, Баткен жана Талас облустары кирет;
Ал эми Нарын облусунда суу менен камсыз кылуу жана санитарияны өнүтүрүү программасы бар. Аталган долбоор Нарын облусунда гана ишке ашырылат.
«Өз маселебизди өзүбүз чечтик»
Ал эми Нарын районунун Учкун айылы буга чейин Кара-Чий айылы сыяктуу эле таза сууга муктаж болуп келген. Аталган айылдын эли таза суу жоктугунан кудуктан суу алып ичүүгө мажбур болушчу. Анткен менен айылда бөйрөк жана өтү ооруган адамдар көбөйгөн.
Суунун сапатына кооптонгон элеттиктер аны лабораторияга текшерткен — натыйжада суунун «ичүүгө жараксыз» деп чыгарып берген.
Учкун айылы Нарын шаарынан 60 километр алыс жайгашкан. Анда 600дөн ашуун үй-бүлө жашайт. Аталган айылдын тургундары 2020-жылы таза суу көйгөйүн өздөрү эле чечип алган.
«2020-жылы айыл тургундары болуп чогулуп, акча чогулттук. Ар бир түтүн 10 миң сомдон чыгардык. Төш-Булак деген айылдан 13 километр алыс жерден таза суу тарттырып келмей болдук. Оор техникаларды чогулган акчанын эсебинен ижарага алып, түтүктөрдү сатып келдик. Аларды жер астына айыл жаштары өздөрү эле орнотту. Анан ошол жылы БУУнун “Азык түлүк” программасына да долбоор жаздык. Ошол долбоорубуз дагы өтүп, суу чыгарганга жардам берген 198 айыл тургуну ун, май менен камсыз болушту», — деди айыл башчы Жумакадыр Исмаилов.
Исмаилов айыл эли ынтымактуу иштегенин белгилеп, таза суу жана башка ушул сыяктуу маселелерди эл өзү эле чечип алса болорун кошумчалады.
Учурда бул айылда ар бир короодо таза суу чыгат.
Нуриза Насипова үй-бүлөсү менен Нарын шаарынын чет жагында жайгашкан сарайлардын биринде мал багат. Бул жашаган аймакта таза суу эмес дүкөн да жок. Бирок Насипованын үй-бүлөсү арыктан аккан сууну кайнатып же чыпкалап ичишет.
«Биздин жашообуз чындыгында оор. Таза суу жетпейт. Бирок биз буга капа деле болбойбуз. Элибизде “адамдан амал качып кутулбайт” деген макал бар. Ансыгандай биз дайыма таза сууну кайнатып коёбуз. Суудагы микроптордун баары өлөт. Балдарым дагы бул нерсеге көнүшкөн. Мен жок болуп калсам өздөрү сууну кайнатып коёт. Кокус үйгө мейман келип калса ошол сууну пайдаланабыз», — деди ал.
Дилде Шатанова
Сүрөттөр: Дилде Шатанова, Найзабек Мукамбетов, Өнүктүрүү саясат институту