Сиз дагы балдарыңыздын китепке болгон кызыгуусу жок, китеп окубай жатканын ойлонуп келесизби? Адамдардын көз карашын, дүйнө таанымын калыптандырууда китептерди орду чоң. Ал эми үй-бүлөлүк китепкананын болгону эле балдардагы китепкке болгон кызыгууну артырат. Бирок, бул жетишсиз. Ал үчүн дагы кызыктыруучу иш-чаралар уюштурулушу зарыл.

Исамидин Убдураимов 5 баланын атасы үй-бүлөлүк китепканасында 300дөн ашык китеп бар. Ал китепти жакшы көргөн инсандын үйүндө китепкана түзүү башталарын айтат. Себеби, учурдагы китептердин арасында студент кезден тарта кызыгып окуп жүргөн жана сатып алган китептер бар. Ошондой эле кайсыл жерге барбасын китеп сатып алууну адатка айланыдырып алган. Чет өлкө чыкканда дагы башка белектерге караганда китеп көтөрүп келет:

“Балага жөн гана китепкананын болгону чоң таасир калтырат. Бирок андан сырткары үй-бүлөдө балдарды китепке дагы өзүнчө окутуш керек деп ойлойм. Аларды кызыктырган иш-чаралар болуш керек. Азыр мен үйдөгү китептердин арасында балдарга арналган китептер аз экенине көзүм жетип турат. Ошол себеп дагы китепке болгон кызыгууну азайтып жатат окшойт. Башка нерселерге алаксып кетип жатышат. Бирок, мен сунуштаган китептерди тез эле жакшы өздөштүрүпүп, кызыгып кетишет.”

Башка бирөөгө бир нерсени айтардан, кызыктыраардан мурда киши ошол нерсеге катуу кызыгыш керек деген Исамидин Убдураимов ата-энелердин балага берген эң жакшы тарбиясы өздөрүнүн китепти окуганы, сүйгөнү, үлгү көрсөткөнү экенин айтат. Китеп бир гана жолу окулуп токтотоп кала турчу нерсе эмес, ал өмүр боюу окуп, изилденип туруш керек:
“Аалымдардан бирөө айткан экен: Китеп окугандан адамга, адамды жаман кишилер менен жолуккандан, убакытты бекер өткөргөндөн эле оолак кылган жакшылыгы болгондо дагы ар бирибиз китеп окушубуз керек болчу. Бирок китепте бир гана адамды жаман нерседен оолак кыла турчу нерсе эмес, пайда алып келген нерсеси бар болгондо анда эмне кылышыбыз керек?-деп айткан. Мындайча айтканда китептин баркын, адамга калтыра турган таасири чоң экенин белгилеп өткөн.”

Үй-бүлөдө өздүк китепканасы болбогон үй-бүлө рухий жарды болот. Алдыда Гапыр Мадаминовдун “Акыл эмгегинин маданияты” китебинен алынган үй-бүлөлүк китепкананы түзүүдөгү кеңештерди сунуштайбыз.
— үй -бүлөдө балдарды китепти сүйүүгө тарбиялоо
— Адабий китептерди чогултуу, окуу, системага салып билим алып, көз карашты өстүрүү, кеңейтүү
— Көптү окуп билген жан дүйнөсү бай, адамгерчиликтүү адам болуу
— Бул китептер чоңдор үчүн да балдар үчүн да аба менен суудай зарыл. Алар жашоодо насаатчы, кеңешчи, жол көрсөтүүчү
Үй -бүлөдө китепкана түзүү бул ата эне менен балдарынын биргелешкен көп жылдык ишинин натыйжасы.
Ата-эне жаш кезинен алган ар бир китебин чогултуп, атайын шкаф, текчеге чогултуп, сактап, окуусу керек.
Жеке китепканда албетте дүйнөлүк ата-мекен адабиятынын классиктеринин чыгармалары топтоштурулат. Кыргыз эл жомоктору, “Манас”, “Семетей”, “Сейтек”. Кыргыз эл акын жазуучуларынын чыгармалары. Энциклопедия, справочник, сөздүк.
Айрыкча балдар кызыккан адабий, илимий популярдуу, справочниктерди чогултса жакшы болот.
Тарбия, өзүн-өзү тарбиялоо, интеллектулдык, акыл эсти өстүрүүчү китептер, журнал жана башка адабияттар.
Табышмак, макал-лакап, насыйкат сөздөр
Кантип чогултуу керек?
Бул материалдар дагы сизге пайдалуу болот деген ойдобуз:
Психолог: Ата-энелерге бул китептерди сунуштайт
Бала менен сүйлөшүүнүн позитивдүү жолдору
Кантип баланы өзүнө ишенимдүү кылып тарбияласа болот?
Суицид бул мага жардам бергиле деген коңгуроо
Балаңызга эл алдына чыгып сүйлөөдө кантип жардам бере аласыз?
Ата-энелер үчүн тесттерден өтүп көрүңүз:
Ата-энелер үчүн тест: Балаңызды кандай тарбиялап жатасыз?
Ата-энелер үчүн тест: Өспүрүм курактагы балаңыз менен сүйлөшүүнү билесизби?
Айгерим Кубатбекова