Нарын районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылынын кейиштүү көйгөйлөрүнүн бири таштандылар. Айыл тургундары ар кайсы жерлерге таштанды төгүп, жерлерди булгоодо. Таштанды төгүлчү жер участогу айыл өкмөт тарабынан бөлүнгөн эмес.
Бул тууралуу айыл башчы Кыдырбек Абрахманов буларга токтолду:
“Кызыл-Жылдыз айылында таштанды төгө турган жерлерибиз аныкталбай ар кайсы жерлерге таштанды төгүлүп айылыбыздын көркүн жана тазалыгын бузуп келүүдө. Таштанды төгүлүүчү жайдын аныкталбай жатканынын себеби өкмөттүн бюджетинин тардыгы. Ошонун баары мыйзам чегинде жасала турган болсо элди дагы туура жолго салып жана ошол жерге таштанды төккөнгө үйрөтүүгө түшүндүрүү иштерин жүргүзмөк элек, бирок ошол иштерди аткара албай жатабыз. Жерге-Тал айыл өкмөтү үч калктуу конуштан турабыз. Кызыл-Жылдыз айылы, Жалгыз-Терек айылы жана боборубуз Жерге-Тал айылы. Жерге-Тал айылынын тургундары Чоң-Көндөй участкасы аркылуу Кызыл-Жылдыз айылын аралап шаарга кетүүчү жол бар. Ошол жолдун ичинен биздин айылга сел түшөт, жана ошол жолдун боюна Жерге-Тал айылынын тургундары таштандыларын таштап кетип жатышат. Ошол таштанды сел жана кыян менен биз ичүүчү Он-Арча суусуна куюп ар кандай таштандылар сууну кирдетип жатат.”
Айыл тургуну Чынаркүл Жаныманова өз оюн мындай деп билдирди:
“Суунун жээгиндеги таштандыларды көрүп жатабыз, ар кайсы айылдын эли ушул жерге таштанды таштап, андан тышкары койлордун уйлардын өлүктөрүн дагы ушул жерге таштап кетишүүдө. Таштанды бул адам баласына өтө зыяндуу, ал жөн гана турган кезде деле радиактивдүү заттар бөлүнүп чыгып, аба менен тарайт дагы көптөгөн ооруларды жаратышы мүмкүн. Бул көйгөйдү чечүү үчүн айыл тургундарына көбүрөөк түшүндүрүү иштерин жүргүзүш керек. Крандар менен атайын чуңкурчаларды казып беришсе, ошол жерге таштандыларын төгүшөт го деген ойдомун.»
Айыл тургундарына атайын таштанды төгүүчү жер маселеси айыл өкмөт тарабынан чечилбей келет.
Даярдаган: Нуржигит Муратбек уулу
«Кара-Чий жамааттык мультимедиа борбору»
Нарын району