Ооганстандагы жарандык согушта советтик жоокерлер он жыл бою кан кечип, согушуп өздөрүнүн интернационалдык милдетин аткарып келишкен. 1989-жылы 15-февралда советтик акыркы жоокер согуш майданынан чыгарылып кеткенине 33 жыл толду.
Дээрлик он жылга созулган Ооган согушунда миңдеген кыргызстандык уландар дагы кызмат өтөгөн. Алардын бири «Кызыл Жылдыз» орденинин ээси, Ак-Талаа районундагы Баетов айылынын тургуну-Жаныбек Жолдошев.

Ооган согушунун ардагери Жаныбек Жолдошев армияга чакырылганда 19 жашта болгон. Айтымында, 1984-жылы Акталаадан армияга аттанган 17 улан, алгач Ашхабадда алты ай окуу-машыгуудан өтүшкөн.

«Андан кийин Ооганстанга жөнөдүк. Эки жыл сапер-мина коюучу кызмат кылдым. Ал жактын климаты ысык, географиясы тоо-таштуу эле. Ошонун баарына чыдап, согуштук операцияларга катышып, тапшырмаларды аткарып жаттык. Төрт согуштук операцияга катыштым. Бир жолу Файзабад деген жерге бардык. Пакистан менен чектешкен жерде мина койгондон кийин бизге снаряддын огу жаңылды. Биз ал кезде согуштук тапшырманы аткарып бүткөн элек. Ушундан кийин экипаждагы төрт сапер «Кызыл Жылдыз» ордени менен сыйландык»,- дейт.
Ооганстанда кызмат өтөп келгенден кийин Жаныбек Жолдошев Баетов айылында дыйкан чарбада эмгектенет.
Ооган жоокерлеринин эрдигине таазим
Ооган жергесиндеги күндөрдү айтып берүү оор…
Барчын Мамытбекова