Дээрлик 10 жылга созулган Ооган согушу миллиондогон адамдардын жүрөгүнө так калтырды. Афганистандагы жарандык согушта өзүнүн интернационалдык милдетин аткаруу үчүн он жыл бою кан кечип, согушуп келген советтик жоокерлер бул өлкөдөн 1989-жылы 15-февралда чыгарылган.
1979-1989-жылдардын аралыгында Кочкор району боюнча 70 жоокер Аскер комиссариаты тарабынан Афганистанга жөнөтүлсө, 20 жоокер райондон тышкары жерлерден узаган. Алардын ичинен 16 жоокер Мекенине кайтпай калган. Ал эми Кочкор районунун Кара-Суу айылынан 3 жоокер Ооган жергесинде кызмат өтөп келишкен.
Алар- Карагул Мамбетсадыков, Кубанычбек Молдокматов жана Уланбек Искендеров. Карагул Мамбетсадыков аскерден кайтып келгенден кийин алган жаракатынан улам каза болгон, Уланбек Искендеров Бишкек шаарында жашайт, Кубанычбек Молдокматов Кара- Суу айылында жашап жатат.

Окуучулар аскер формасын кийишип, согуш темасындагы ырларды аткарып беришти
Бүгүн 16-февралда Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинде Кубанычбек Кадыров жетектеген «Балдар өспүрүмдөр уюмунун» мүчөлөрү тарабынан даярдалган « Ооган согушунун өчпөс тактары» аталышындагы эскерүү кечеси болуп өттү. Кечеге Ооган согушунун катышуучусу Кубанычбек Молдокматов катышты. Кечеде патриоттук темадагы ырлар көркөм окулуп, обондуу ырлар ырдалды. Андан тышкары сахналаштырылган оюн коюлду.

Ооган согушунун катышуучусу- Кубанычбек Молдокматов
Ооган согушунун катышуучусу Кубанычбек Молдокматов ал күндөрдү төмөнкүчө эскерди:
« Мен 1967-жылы 23-апрелде Кара-Суу айылында төрөлгөм. 1984-жылы мектепти аяктап, бир жылдан кийин, тактап айтканда 1985-жылы Кочкор райондук Аскер комиссариаты тарабынан Советтик Армиянын катарына чакырылдым. 3 ай Тажикстан Республикасына караштуу Курган-Төбө Түркстан аскер гарнизонунда даярдыкта болуп, ЗИЛ-131, Камаз, БМП, БТР айдаганды үйрөндүм. 1986-жылдын 6-мартында Термез шаары аркылуу Кундуз провинциясына келип, № 51094 Пули – Хумри аскер бөлүгүндө кызмат өтөй баштадым. Кызмат өтөгөн учурда ар кандай согуштук операцияларга катышып турдум. Кесибим айдоочу болгондуктан чалгындоочу взводдо механик-айдоочу болуп, БТР айдап жүрдүм. 1987- жылы 24-ноябрда кызматымды аяктап Мекениме аман-эсен кайтып келдим. Мекенибизде эч качан согуш болбосун, жаш муундарга жаркын келечек каалайм».

Ооган согушу жөнүндө сахналаштырган оюн коюлду.

Мектеп директору — Болот Бообек уулу келген мейманга ыраазычылыгын билдирди.

Мектеп администрациясы жана уюштуруучулар
Нагима Муратбекова