Нарын району боюнча өтүлгөн жалпы республикалык предметтик олимпиаданын жеңүүчүлөрү аталган Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин окуучулары облустук турга кызуу даярдыктарды көрүп жаткан учуру.
Предметтик олимпиаданын райондук турунан жеңүүчү аталган 11-классынын окуучусу Калима Табылдиева тарых сабагынан катышып келген.

Калима Табылдыева мектептин окуу бөлүмүнүн Мирбек Абылов менен
Ал эми 10-классынын окуучусу Альбина Бакытова чет тили сабагынан олимпиадага барып, 1-орунга татыктуу болгон.

Альбина Бакытова мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы Мирбек Абылов менен

Калима мугалим менен бирге даярдыктарды көрүү учуру. Ал тажрыйбасын башкалар менен да бөлүшүп, окуучуларды даярдоого жардам берүүдө.

Альбина мугалим менен бирге сабактан кийин да калып кошумча билим алууда
«Учурда кыздар сабактардан тышкары да кошумча тапшырмалардын үстүндө иштеп, билимге билим кошуп, облустук турда да жеңүүчү аталабыз деген ниетте мыкты даярдыктарды көрүү үстүндө иштеп жатышат. Аларга айрым сабактардан бошотуу маселеси да каралып, көбүрөөк убакытты облустук турга даярдыктарды көрүшүүдө. Окуучуларды даярдаган эжейлерге ыраазычылык билдиребиз», -дейт мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы Мирбек Абылов.
Акылай Алмазбекова