Учурда «Манас таануу» интеллектуалдык телетаймашы абдан актуалдуу болуп жаткан учуру. Окуучулар телетаймашка кызуу даярдануу менен улуттук сыймыкты да даңазалоого, баалоого, жайылтууга үйрөнүп жатышкандыгы адамзатты кубандырбай койбойт.
Бир эле таймашка даярдык көрбөстөн окуучулар «Манас» эпосун изилдөөгө да күчтөрүн жумшушууда. Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин окуучулары улуу чыгармада азыркы учурдагы медицина, технология, илим, билим, архитектура, астрономия ж.б. тармактардын кездешүүсүн изилдеп чыгышкан.
Изилдөөчүлүк менен алектенген окуучулар 2019-жылы «Ыйык башат» командасын түзүп, «Манас таануу» телетаймашынын республикалык баскычынан 3-орунду камсыз кылышкан.
Окуучулардын изилдөөчүлүккө болгон кызыгуусу эпостогу окуялардын чагылдыруусунан, ошол эле учурдагы адамдардын билимге, архитектурага, медицинага ж.б. болгон көз караштарынан улам пайда болгон.
«Манас» эпосунун жаш изилдөөчүлөрү мугалими Гүлжан Мусабекова менен бирге
Жаш изилдөөчүлөрдүн айтымында, азыркы биз колдонуп жаткан тармактардын көбүн эпосто кездештирүүгө болот. Акылай Ыдырысова медицинаны төмөндөгүдөй түшүндүрүп берди:
«Эпосто Манас атабыздын баатыры, даанышманы Ажыбай аттуу дарыгери болгон. Ал тууралуу эпосто мындай айтылат
«Аргын кандын Ажыбай
Адамча кылдат себепкер,
Артыкча тууган табыпкер.
Ажыбайдын колунда,
Желмайандын жонунда,
Эбеп деген дары бар,
Себеп деген дары бар,
Апы деген дары бар,
Үпү деген дары бар,
Кырма кызыл дары бар,
Дарылардын бары бар.»
Жогорудагы дарылар чет өлкөдөн импорттолуп келген дарылардын бири болгон. Ошолордун бири эбеп жана себеп дарысы азыркыча морфий жана промедол дарысынын үлгүсү. Ал эми апы үпү дарысы кан басымды көтөрүп, тонус берип күч кубат кошуучу, азыркы энергетик десем болот.»
Ал эми Анара Саламатова билим тууралуу төмөнкүлөргө токтолду:
«Азыр жаштардын көбү «Манас» эпосун баатырдык эпос катары кабыл алышып, адамдар караңгы болгон дешет. Бирок андай эмес деп айтаар элем. Азыркы учурда биз колдонуп жаткан астрономия, илим, билим, архитектура, медицина ж.б. тармактары Манас атабыздын доорунда эле болгон.
Манас атабызда жөн жерден эл башкарган жок. Ал дагы илимдүү билимдүү болгон. Билими жок адам кантип журт башкармак эле, билимсиз адамдар тескерисинче журтту жок кылат.
Манас атабыздын жанында жүргөн кеңешчиси Кошой атабыз Багдатта 5 жыл, Меккеде 5 жыл, Тиккенде 5 жыл, Мисирде 5 жыл окуган деп айтылат эпосто. Бардыгы биригип 20 жыл билим алган.
Эпосто полиглоттор да кездешкен. Мисалга алсак, Ажыбай 72 тил билген деп айтылат. Ошондуктан ал, эпосто дипломатия тармагы боюнча барып, элчи болуп шайланган.»
«Манас» эпосунун жаш изилдөөчүлөрү менен маек
Акылай Алмазбекова, Жанболот Талантбеков