Сокулук районундагы Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу Восточный айылындагы Жаңы-Жер №2 толук эмес орто мектебинин мугалимдерине зордук-зомбулук көйгөйлөрүн алдын алуу үчүн мектептин директору, окуу тарбия бөлүмүнүн башчысы жана мектептин социалдык педагогу мугалимдерге кеңешме өткөрүштү.
Өтүлгөн кеңешмеде көйгөйлөрдү чечүү үчүн, жашы жете элек балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу, мектеп окуучусун тарбиялоодогу педагогикалык ыкмалар, өзгөчө муктаждыктары бар балдар менен ынтымактуу жамаатты түзүү сыяктуу актуалдуу темалар талкууланды. Кеңешменин соңунда мектептин мугалимдер жамааты менен биргеликте иштелип чыккан план боюнча окуу тарбия бөлүмүнүн башчысы Сүйүн Абдыбекова класс жетекчилерге тарбиялык класстык сааттарды өтүүнү баса белгиледи. Мугалимдер өткөрүүчү класстык саатарга «Биздин коом Буллингге каршы», «Сынчыл ой жүгүртөбүз» «Медиа сабаттуу бол!» «Этноэкология-кылым карыткан билим» «»ж.б. сыяктуу темалар камтылды.
Буга чейинки Билим берүү жана илим министрлиги жана Кыргыз билим берүү академиясынын өкүлдөрү өткөргөн онлайн-семинарда жалпы билим берүү уюмдарында балдарга карата ырайымсыздыктын жана зомбулуктун алдын алуу боюнча иш-чаралар планын ишке ашыруу жөнүндө айтылган.
Өтүлгөн онлайн-семинарда билим берүү жана илим министрлигинин Мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Г.Абдылдаева, Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти У.Мамбетакунов, аталган академиянын көп тилдүү билим берүү бөлүмүнүн башчысы Дамира Орусбаева жана академиянын инклюзия лабораториясынын башкы адиси А.Аземовалар баяндама жасашты.
Өтүлгөн онлайн-семинарда билим берүү жана илим министрлигинин Мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Г.Абдылдаева, Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти У.Мамбетакунов, аталган академиянын көп тилдүү билим берүү бөлүмүнүн башчысы Дамира Орусбаева жана академиянын инклюзия лабораториясынын башкы адиси А. Аземовалар баяндама жасашты. Жыйынтыгында мугалимдер үчүн колдонмо китептер сунушталды.
Турсун Омуралиева