Суусамыр өрөөнүнүн эли мал чарбачылыгы менен алектенип, мал багууда жайыттар колдонулуп келет. Ошондуктан Суусамыр айыл өкмөтүнө караштуу жайыттарды туура багытта колдонуу негизги маселе бойдон калууда.
Өлкөдөгү болуп жаткан пандемия шартына карабастан жайыт иштери токтоп калбашы керектигин Суусамыр айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы Зоодан Асаналиев билдирди:
“Биздин жайыт комитетте иштер пандемия убагында деле акырындап жүрүп жатты. Анткени жайытка баруучу жолдорду, көпүрөлөрдү оңдоо иштери токтоп калбашы керек. Биздин жайыт пайдалануучуларга ыңгайлуу шарттар болушу зарыл. Ошол себептен бул иштер өз убагы менен эле жүрүп жатты.
Биздин техникалар дагы ар кандай шарттарга даяр туруусу керек. Жолдор оңдолбосо малчыларга жайлоого көчүүдө кыйынчылыктар жаралат. Ошондуктан бат-бат барып карап, жолдордун абалы менен таанышып келебиз. Быйылкы жылы жайыт комитетинин эсебинен бир канча участкаларда жолдор менен көпүрөлөр оңдолду.
Албетте, пандемия биздин ишке деле таасирин тийгизип келет. Карантин шартында жайыттарды кыдырууда жана акча каражаттарын чогултууда кечигип жаттык. Ооруну алдын алуу үчүн жайлоолордо малчыларга медицина кызматкерлери менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турабыз. Ал эми малчылар ооруп калган учурларда жардам берип келебиз”,-дейт.
Азиза Тамчиева