Жыл сайын 1-класстардын окуучулары үчүн февраль айында кошумча 1 жумалык эс алуу берилет. Азыркы учурда коронавирус оорусу менен бирге сезондук сасык тумоо да күч алуу мезгилинде болгондуктан, окуучулар үчүн эс алуу күндөрү абдан ыңгайлуу болду.
Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин 1-класстарынын окуучулары 7-февралдан 14-февралга чейин кошумча эс алуу күндө болушту. Окуучулар бул аралыкта берилген тапшырмаларды үйдөн аткарып, мугалим эжейи менен ватсап аркылуу кайтарым байланышка чыгып жатышты. 14-февралдан баштап окуучулар кайрадан мектепке келип билим алышууда.
Дамира Сейдинова 1-а классы менен сабак өтүп жаткан учуру. Окуучулардын топтордо иштөөсү, алардын өз алдынчалуулугун өстүрөт.
Окуучулардын кошумча эс алуусу боюнча 1-а классынын класс жетекчиси Дамира Сейдинова өз өю менен бөлүштү:
«Мындай эс алуу 1-класстардын окуучулары үчүн жылына берилип келет. Азыркы убакта коронавирус оорусу да күч алып турган маалда бул эс алуу окуучулар үчүн абдан ыңгайлуу болду. Себеби, коронавирус оорусу менен бирге сезондук сасык тумоо да абдан күч алып, окуучулардын көпчүлүгү ден соолугуна байланыштуу дарыланып жаткан учур болду.
Окуучуларым болсо бул убакыт аралыгында бош жатышкан жок. Атайын кошумча тапшырмаларды иштеп жатышты. Китепканадан ар түрдүү китептерди алып, окуп жатышты. Биз болсо кадимкидей мектепке келип, өзүбүздүн иштерибиз менен иштеп жаттык».
Сонун Асаналиева 1-б классы менен биргеликте сабак өтуп жаткан учуру
«Эс алуу учурунда биз мектепке келип иштеп жаттык. Кесиптештерибиздин сабактарына катышып, өзүбүзгө тажрыйба топтой алдык.
Окуучулар менен телефон аркылуу ватсап группадан байланышып, сүйлөшүп жаттык. Алар өз кезегинде кошумча тапшырмаларды өз убагында аткарып жатышты.
Мына бүгүн баары сабакка келип кубанып отурабыз. Окуучулар өз алдынча көп иштешкендиктен кол жазмалары, шар окуусу, маселелерди иштей алуусу жакшы деңгээлде байкалууда. Сабактарда активдүү катышышып, эң жакшы деген бааларды алып отурушат»,-дейт Сонун Асаналиева.
Ал эми окуучулар эс алуу учурунда эмнелер менен алек болушкандыгы тууралуу төмөнкүлөрдү билдиришти:
«Менин атым Байбол. Мен 1-а класста окуйм. Каникул учурунда мен китепканадан китеп алып окуп жаттым. Ырларды жаттадым. Каникул учурунда бош убакыт болгондо досторум менен эшикте ойнодум. Үйгө келгенде колумду самын менен жууп, анан кирип жаттым»,-дейт Байбол.
«Мен каникул учурунда жомок китептерди көп окудум. Эшикке чыккан сайын колумду самындап жууп жаттым. Ойногондо маска кийип алып эшикке чыгып жаттым»,- дейт Айдай Медетбекова.
Саманта Жаныбекова:»Мен каникул учурунда үйдөн апама, атама жардам берип жаттым. Тапшырмаларды аткарып, китептерди окуп жаттым. өзгөчө Алиппени көп окудум. Сабакка келгениме кубанып жатам.»
Жамиля Кудайбергенова: «Мен бош убактымда апама көп жардам бердим. Орус тили жана жомок китептерди окуп жаттым. Жаңы ачылган китепканага да барып китеп окуп келип жаттым.»
Акылай Алмазбекова