Республика боюнча башталгыч класстар «Окуу керемет» долбоорунун алкагында иш алып барып келишет. Нарын району боюнча бул долбоорго 25 мектеп катышып, мугалимдер тарабынан ачык сабактар өтүлүп келет.
Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинде 14-февралда башталгыч класстардын мугалимдери тарабынан ачык сабактар өтүлдү. Сабактарга Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчусу Бурулсун Исакова жана мектептин мугалимдери катышышты.

Бурулсун Исакова мугалимдерди долбоордун алкагында колдонулуучу стратегиялар менен тааныштырууда
Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчусу, «Керемет окуу» долбоорунун Нарын району боюнча координатору Бурулсун Исакова төмөнкүлөргө токтолду.
“ “Окуу керемет” долбооруна Нарын району боюнча 25 мектеп кирген, анын ичинде Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектеби да бар. Бүгүнкү күндө долбоордун алкагында семинарлар аяктап, беш модуль окутулуп, мугалимдер алган билимдерин өз тажрыйбаларында ийгиликтүү пайдалынып келе жатышат.
Өз кезегинде райондун мугалимдери да бул долбоорду жогорку деңгээлде кабыл алышып, онлайн сессияларга активдүү катышып, биргеликте иш алып барып жаттык. Буга чейин да ар бир өтүлгөн модулдан кийин мугалимдер ачык сабактарды өтуп жатышты. Мугалимдер арасында тажрыйба алмашуулар болуп, бири-биринин сабактарына активдүү катышкандар болду.
“Окуу керемет” долбоорунун алкагында адабий кечелерди, көргөзмөлөрдү да уюштурууга жетише алышты.

Клара Абдыкадырова сабак учурунда

Сымбат Кочкорбаева окуучулар менен биргеликте тпотоо иштөө учуру

Жүзүмкан Аскарова окуучулар менен талкуу жүргүзүүдө
Бүгүн долбоордун негизинде үч башталгыч класстын мугалимдери сабактарды өтүштү. Сабактарда семинарларда үйрөнгөн стратегияларды пайдаланышты. Окуучулардын активдүүлүгү, өз алдынча ой-жүгүртүүсү, логика жактан күчтүү балдарды тарбиялап жаткандары байкалууда. Окуучулардын “Менин оюмча ….” деп сөз баштагандары бизди кубандырды. Себеби, алар өз алдынчалуулукка тарбияланышкандыгы көрүнүп турат. Мындан сырткары окуучулардын топтордо иштөөсү да четте калган жок.
Мугалимдер өз кезегинде жалпы окуучулардын катышуусуна көзөмөл жүргүзүп, калыптандыруучу баалоону пайдалана алышты. Бир да окуучуга көңүл бөлүнбөй калган жок. Баарына бирдей дифференциалдык мамиле болуп жатты. Сабактар жогорку деңгээлде, мыкты уюштурулган.
Сабактардан кийин мектеп жетекчилиги жана башталгыч класстын бирикмеси менен тегерек стол өткөрүлүп, долбоордун алкагында окутулган стратегияларды дагы кандай багыттарда пайдалууга болорун талкууладык.»

Окуучулар топтордо гана эмес, өз алдынча да иштөөгө жетише алышты

Сабакты бышыктоодо окуучулардын ар тараптуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзүлдү

Окуучулардын берилген тапшырмаларга критикалык ой-жүгүртүү менен жооп берип жатышат
Долбоордун алкагында ачык сабак өткөн эжейлер өз ойлору менен бөлүшүштү:
Сымбат Кочкорбаева: «Мен мекен таануу сабагынан «Россия федерациясы» деген теманы алып чыктым. Сабакта долбоордун алкагында «угам, окуйм, түшүнөм» жана «текст түзүү» стратегияларын колдондум. Окуучулар активдүү катыша алышты.»
«Мен 4-класска адабий окуу сабагынан «Булбул жана Жылан» деген темада ачык сабак өттүм. Сабакта «Окуу керемет» долбоорунун «угам, окуйм, түшүнөм» деген стратегиясын пайдаландым. Бул стратегияны пайдалууда биз 3 баскычты басып өтөбүз.
Сабакта окуучулар активдүү катышышып, чыгарманын негизинде турмуштук мисалдарды келтире алышты»,-дейт Клара Абдакадырова.
«Адабий окуу сабагынан «Байчечекей» аттуу темада сабак өттүм. «Окуу керемет» долбоорунун алкагындагы башталгыч класста дифференцацияланган окутуу технологиясын колдонуп, 1- модуль боюнча «Көп деңгелдуу тапшырмалар» аттуу стратегиясын пайдаландым. Сабакта негизги басым окуучулардын сөз байлыгына, өз оюн толук, жеткиликтүү айта билүүсүнө, топто, жупта толук катыша алуусуна көңүл бурулду.
Сабакта топторго «ооба» же «жок», «өз оюңду ыраста» ,»окуянын картасын түз» ыкмалары боюнча тапшырмалар берилди. Ошондой эле, «жаңы сөздөрдүн маанисин жазып, түшүнүп ал» деген көп деңгээлдүү тапшырмалар берилди»,-дейт Жүзүмкан Аскарова.
Акылай Ыдырысова Кыргызстандын 100 мыкты окуучусунун бири
Акылай Алмазбекова