Бүгүн Ак-Талаа районунда Ооган согушунун ардагерлерине арналган эскерүү иш-чарасы өтүп, ага ардагерлер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл өкмөт башчылары катышты.
Иш-чараны райондун акими Жумадилла Курсанбаев ачып, согуштун тарыхына кыскача токтолду.
“Бүгүн Афганистандагы жарандык согушка катышкан советтик жоокерлердин чыгарылып кеткенине 33 жыл болду. Бул согушка кыргызстандык миндеген жоокерлер катышып, интернационалдык милдеттерин өтөп келишкен. Атуулдук милдетиңиздерди аткарып, патриоттуулугуздарды көрсөтүп, өз өмүрүңүздөрдү тобокелге салып, чыныгы эрдик көрсөтүп келдиңиздер. Бүгүн сиздер дагы ошол оор күндөрдү эстеп, кайтпай калган куралдаштарыңыздарды эскерип отурасыздар. Эрдигиңиздерге таазим”,- деди.
Ак-Талаа районунан 54 улан Ооган согушуна аттанып, алардын бирөө курман болгон. Мекенине кайтып келгенден кийин, согуштан алган ар кандай жаракаттан улам 5 жоокердин көзү өткөн. Учурда 48 ардагер ар тармакта кызмат кылып келет.
Иш-чаранын жүрүшүндө Ооган согушунун ардагерлерине согуштун, куралдуу күчтөрүнүн, укук коргоо органдарынын жана ооруктагы эмгекчилердин Ак-Талаа райондук кеңеши, айыл өкмөт башчылары тарабынан атайын белектер, грамоталар жана ыраазычылык каттар тапшырылды.
Ошондой эле Тажик- Ооган чек арасында тынчтыкты орнотууга дайындалган аскерлердин атынан раойндун акими, Ооган согушунун ардагерлерине кызматташуу үчүн төш белги тапшырылды.
Мындан сырткары Ооган согушунун ардагерлерине согуштун, куралдуу күчтөрүнүн, укук коргоо органдарынын жана ооруктагы эмгекчилердин Ак-Талаа райондук Кеңешинин төрагасы Шаршенбек Мурзабековго акчалай сыйлык тапшырылды.
Эскерүү иш-чарасы маданият кызматкерлеринин музыкталык белектери менен коштолду.
Жоокер-интернационалисттердин урматына арналган турнир өткөрүлдү
Алтынай Байтерекова