Сокулук районуна караштуу Жал айылында “Аванти” бий тобу ачылганына эки жылдай убакыт болуп калды. Бий тобу негизделгенден бери ийгиликтерди багынтып келүүдө.
Жал айылындагы “Аванти” бий студиясы 2015-жылы ачылган. Быйыл Ноорузга карата Бишкектеги улуттук китепканада өткөн сынакта “Стар бой” бийин бийлеп, 1-орунду алып келген. Андан тышкары Алматы шаарына да барып сынактардан 1-орунду алганга жетишкен. Бий сабагына кичинекей кыздардан баштап, ата-энелер да катыша алышат.

Бий ийриминин жетекчиси Айжамал Мыктыбекова беш жашынан бери бийлеп келгенин айтат.

«“Арабика” деген студияга барчумун, ошондон бери бийлеп жүрөм. Биз ачылгандан бери көптөгөн ийгиликтерге жетиштик. Алматыга барып 1-2- орунду алып келдик”, — деп айтты Мыктыбекова.
«Авантинин» бийчиси Амина Жеңишекова бийге кантип аралашып калганын мындайча баяндады:

«Мен 3-классымдан баштап бий кружогуна катышам. Бизге Жаркынай эже берчү, кийин Жаркынай эже кетип калганда бийге катышпай калдым. “Аванти” бий студиясы ачылгандан кийин катыша баштадым. Биз бий сабагынан Чыгыш жана башка бийлерди үйрөнүп жатабыз», — деди ал.
Даярдаган: Асел Эркинбек кызы