Сокулук районуна караштуу Орок айылынын тургуну Борис Коновалов атасынан үйрөнгөн кесибин 50 жылдан бери улантып келет. Анын көчөт тигүү боюнча “Карликовые сады” атуу китеби да жарык көргөн.
Коновалов үй-бүлөсүн алма жана алмурут бакчасы жана көчөттөрү менен багат. Бакчасында алманын ар кандай түрлөрү бар: Старкримсон, Еллоуспур Делишес, Грени Смитт, Голден Делишес, Айдаред Канагд, Эли Спур, Фуджи, Эрли Блей, Делишес Спур, Ред Чиф, Макс, К-14, КВ-81, Либерти, Валюта, Останкино. Ал эми алмурут бакчасында: Майская, Вильямс жайкы, Тассина, Старкримсон деген түрлөрү бар.

Коноваловдун алма жана алмуруттарын Кыргызстандын бардык булуң-бурчтарынан келип сатып алышат. Коновалов келгендерге биринчи кезекте эле кайсы жерден келгенин жана жеринин аянты боюнча суроо берип, ошол тууралуу кеп-кеңештерин айтат. Ошондой эле өзү жазып чыккан китепти сунуштайт.
Анын китебинде көчөттөрдү кантип тигиш керек, аралыктары канча болуш керек деген сыяктуу суроолордун жооптору берилген.
Коновалов карлик алмасын тигүүдө дубалдан 1 метр, ал эми бири-биринен 1,5 метр аралыкта болушу керек, ошондой эле сугарууда алманынын эки бетинен тең суу өтүшү керек деп айтып өттү.

«Мындан сырткары бакты бутоо дагы негизги квалификацияга кирет. Эгерде бутабай койсок, бактын бутактары ичке болуп, бийик өсүп майда түшүм берип калат. Бутакты туура эмес бутап койсо, алма бакка пайдага караганда көп зыян алып келет. Бакты өстүрүүдө ар кимдин сөзүнө ишенбестен, практика жүзүндө, өз ишин билген адистен кеңеш алыш керек. Көчөттүн шакекчеси жерден 5 см аралыкта болууга тийиш. Ушул көрсөтмөлөрдү толук колдонсо бактын түшүмү ойдогудай болот», — деген кеп-кеңеши менен бөлүштү багбан.
Урматтуу окурмандар, эгерде багбан Коноваловдун көчөттөрүнөн сатып алгыңыз келсе, төмөнкү дарекке кайрылыңыздар!

Даярдаган: Асел Эркинбек кызы.
Редактору: Дастан Жаркымбаев, Азамат Кубанычбек уулу.