Оорулар көбүнчө кайсы мезгилде кезигет? Ал оорулардан коргонуу жана айыгуу үчүн ар кандай жолдору бар?
Бул суроолор менен Сокулук районуна караштуу Жал айылындагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун врачы Турдукан Куланбаева менен маек курдук.

— Жайкы мезгилде эң биринчиден эле чымын, чиркейлер чыга баштаса, малярия деген оору пайда болот. Чымын, чиркейден жугат. Күн тийгенде жылуу болгондо чыга калып кишини чагып алса, ошондой оору менен ооруп калышы мүмкүн. Экинчиден жазында эми жашылча-жемиштер чыга элек, бирок жайкы ооруга көбүнчө ич өткөк, ашказандын оорусу күчөшү мүмкүн. Эми көпчүлүгүндө муздактан жылууга өткөндө тамактары ангина болуп ооруп калышат. Ангина болсо ар түрдүү ооруларды чакырат: жүрөк оорулары, ревматизм дегендей. Ошон үчүн өздөрүн жакшы алып жүрүшү керек. Негизи эле баардык эле оорулар коркунучтуу деп эсептейм. Себеби деген ар кимдин организими ар кандай, организим эгерде күчтүү болуп туура тамактанса, гигиеналык жактан өзүн туура алып жүрсө, оорудан алыс болот.

Дарыгерден кеңештер:
Даярдаган: Альбина Нурбек кызы