Сокулук районуна караштуу Сарбан айылынын тургуну Динара Жунушалиева жети жылдан бери арча дарактарын өстүрүп сатат.
Жунушалиеванын айтымында, арча дарагы жаңы тиккенде 5-10 см болуп, жылына 15 смге чейин узарып өсөт. Көчөт 1 метр болгондон кийин сатаарын айтат ал. Арчанын ар бири 5000 миң сомдон февраль-март айларында сатылат.

“Биз арча дарагын 2010-жылы тигип, ошондон бери өстүрүп келе жатабыз. Аябай эмгекти талап кылган, жай өскөн түйшүктүү дарак. Бул өсүмдүктү эч кандай техникасы жок эле башка бак сыяктуу кылып өстүрөбүз. Атайын арчага арналган дарысын өз убагында беребиз. Биз арча даракты биринчи жолу тиккенде аябай кичинекей, чийдей болгон 5 же 10 см, бирок аябай ичке өсүмдүк болчу. Аны биз тигип үч жыл клёнканын астында күнгө көрсөтпөй өстүргөнбүз. Күн катуу тийгенде үстүн жаап кичинекей баладай кылып бактык. Анан үч жылга жеткенде көчүрүп, өстүрүп жатабыз. Керегибизге жарап жатат, 2-3 жылдан бери үч-торттон сатып жатабыз. Арча дарагы бою 1 метр болгондо көбүрөөк сатылат”, — деп билдирди ал.
Даярдаган: Акыл Манасбек уулу
Редактор: Ууржан Молдокулов