Нарын районундагы Дөбөлү айыл өкмөтүндө 13-июль күнү Бугу фестивалы болду. Фестивалды Дөбөлү айыл өкмөтү райондук администрациясы, Орток айыл өкмөтү, “Береке-Дөбөлү” коомдук бирикмеси жана ИСУР Коомдук Фондунун колдоосунун астында уюштурулган. “Бугу” фестивалынын негизги максаты туризмди өнүктүрүү жана жаратылышты коргоо болуп саналат. Ал фестивалга Кызыл-Жылдыз айылынан «Жамааттык башкаруу» уюмуну мүчөлөрү да катышып келишти.
Бул тууралуу “Береке-Дөбөлү” коомдук бирикмесинин төрагасы жана «BIO-KG Органикалык кыймыл федерациясынын» мобилизатору Калысбек Турганбаев буларга токтолду:
«Биз негизинен 2018-жылдан бери бул фестивалды пландап, Нарын районун акими Семетей Черикбаевке сунуштаганбыз. Ал бизди колдоп 2019-жылдын иш планына киргизген. Жана бизге колдоо көргөзгөн ИСУР Коомдук фондуна жана айыл тургундарына терең ыраазычылык билдиребиз. Биз бардыгыбыз биригип фестивалды жогорку деңгээлде өткөзүп алдык деп ойлойм.»
Жана ошондой «ИСУР Коомдук Фондунун» менеджери Анара Момунова биздин уюмдун негизги масаты Кыргызстандагы биологиялык жана маданий ар түрдүүлүктү сактоо, жандандыруу жана жаш муундарга өткөрүп берүү дейт.
«Био маданий ар түрдүүлүк- бул биздин жаратылыш, биздин өсүмдүк дүйнөсү, маданиятыбыз жана каада-салтыбыз болуп эсептелет. Биздин «Бугу» фестивалына катышуубуздун себеби, «Жаштар» демилгесинин негизинде «Дөбөлү- менин ыйык жерим» деген долбоорго колдоо көрсөткөнбүз, ошондой эле орто мектептер менен келишим түзүп, ал жакка музыкалык кружок ачып, музыкалык аспаптарды алып берип жана театр форумду өздөштүруп жатабыз. Жаштардын долбоорун колдоп, колдон келишинче жардам бердик.»
Кытайдын Кызыл-Суу автономиялык округунан келген конок Калыбек мырза мындай дейт:
«Бизди Нарын райондук акими Семетей Черикбаев бир тууган катары чакырык жөнөтүптүр. Ийри-Суу деп укканмын. Бүгүн мына ушундай кооз жерге конок болуп келдик. Фестивал жакшы өтүп жатат жана дагы келечекте көптөгөн фестивалдар ушюштурулат деген үмүттөмүн.»
Даярдаган: Аман Шаршенбеков