Кыргызстанда 4-октябрь күнү болуп өткөн шайлоонун жыйынтыгына макул болбогон саясий топтордун нааразычылыктары күчөп отуруп, Ак үйдүн имаратынын ичине чейин жетти. Бул көрүнүштөр элет жерине да таасирин тийгизип, саясий топтор район, шаарлардын жетекчилигин алмаштырганга чейинки аракеттер болду. Учурдагы коомдук кырдаал боюнча Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын тургундарынын ар кандай курактагы өкүлдөрүнүн пикирин сурадык.
«Көп жылдан бери жеке ишкердик менен алектенемин, ушул дүкөндү иштетемин. Бизде коомдук абал тынч, жакшы. Шайлоого бардык, мен өзүм келиндеримдм ээрчитип бардым, өзүбүз ичибизден тандаганыбызга добуш бердик. Менин оюнча шайлоо «честно» эле болду. Шайлоодон кийин билсем, үй-бүлөмдөгүлөр ар кайсы партияга добуш бериптирбиз. Биз үчүн эң маанилүүсү мамлекетибиз тынч болсун»,- дейт жеке ишкер Урхан Авалбекова.
«Бизде абал тынч, жакшы, 6-октябрь күнү мэрияга кайсы бир жаш балдар талап коюп барыптыр деп уктум, бирок бизде Кошбулакта эч кандай топтолуу, баш аламандык деген болгон жок. Кадимкидей эле турмушубуз уланып жатат. Биз үчүн стабилдүүлүк керек»,-дейт мамлекеттик мекемелердин биринде техникалык кызматкер болуп иштеп жаткан Рая Беркутова.
«Үй-бүлөм менен шайлоого катыштык, өзүбүз каалаган партияны шайладык, өкүнүчтүү жери шайлоонун жыйынтыгы бузулуп кетти. Бизде коомдук абал тынч, ар ким өз тиричилиги менен убара, азыр күз мезгили болгондуктан саясатка деле убакыт жок, кечинде бош болгон учурда эле телевизордон көрүп калабыз»,-дейт Шахабидин Абдуллаев.
«Бизде абал тынч, жакшы, бирок Бишкек жак дагы эле тынчыбай жатат окшойт. Саясатчылар бири дагы элди ойлогон жок. Мени ойлондурган маселе жаштардын келечеги. Неберелерим көпчүлүгү студент, алды жогорку окуу жайын бүтүрүп жатат. Мамлекетибиз үчүн тынччылык, туруктуулук аба менен суудай зарыл болуп турат. Сүлүктүдө тынч болгону менен өлкө боюнча толук турукташа элек. Жараткандан элибизге тынчтык, ынтымак тилеймин»,- дейт ардактуу эс алуудагы аксакал Эргеш Анаркулов.
«Шаардык ооруканада аптекарь болуп иштеймин. Шайлоо учурунда да, азыр да эч кандай моралдык таасир, басым болгон жок. Досторум менен шайлоого барып, ар кимибиз өзүбүз каалаган партияга добуш берип чыктык. Шайлоодон кийинки окуяларды интернеттен көрүп зээним кейиди. Чет жактарда иштеп жаткан досторум кабатыр болуп, улам сурап турду, азыр баары стабилдешип калды окшойт. Бизге негизгиси ынтымак керек», -дейт Абдикайым Абдишукуров.
Бакытбек Сапаркулов, Барчынай Алимова