Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Метка: Баетов

Сүрөт: Баетовдо балдар күнү белгиленди

Балдардын эл аралык күнүнө карата Ак-Талаа районунун Баетов айылында иш-чара өттү. Балдардын иш-чарасы райондук маданият үйүндө өтүп, ага балдар менен бирге ата-энелер жана бийлик өкүлдөрү катышты.

Ак-Талаада “Жыл мугалими-2017” сынагы өттү

Эки күндөн бери Ак-Талаа районундагы Шүкүрбек Бейшеналиев орто мектебинде   райондогу билим берүү мекемелеринде иштеген мугалимдер жана тарбиячылар арасында “Жыл мугалими-2017” сынагы өтүп жатат.

Ак-Талаада токойлордун ассортиментин көбөйтүү иштери жүрүүдө

Ак-Талаа районунда жалпы токой чарбасы 81700 гектарды түзөт. Мунун ичинен 18 миң гектарга жакыны токой баскан аянт.

Ак-Кыя айылында Жеңишбектин атынан спорттук оюндар өттү

Кыргызстандагы эң узун адам Жеңишбек Ак-Талаанын Ак-Кыясында туулган. Анын туулган күнүндө ага-тууганы айылында Жеңишбектин атынан спорттук оюндарды өткөрүүнү үч жылдан бери салтка айландырып келе жатышат.

Ак ниет эмгектин үзүрү кайтат

Согуш учурунда тылда калгандардын эмгеги да баа жеткис болгон. Анткени согушка кеткенден калган кары-картаң, жаш балдар, аялдар да жеңиш үчүн жан аябай эмгектенишкен.

Баетовдо “Өрнөктүү өмүрлөр” китебинин бет ачары болду

Баетов айылында тарых илимдеринин кандидаты Бактыбек Исаковдун “Өрнөктүү өмүрлөр” китебинин бет ачары болду. Бет ачар азем Ак-Талаа райондук администрациясынын жыйындар залында болуп, ага айыл өкмөттөрдөн келген өкүлдөр, улуу муундун өкүлдөрү, …

«Жакшы эс алуу ийгиликке өбөлгө»

Быйылкы “Ыйман, адеп жана маданият жылына” карата мына ушундай аталышта Ак-Талаа районундагы орто билим берүүчү мектептердин мугалимдери арасында спорттун футбол, шахмат, стол тенниси жана волейбол боюнча мелдеши өттү.

Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрүнүн облустук таймашында акыйкаттык болгон жок

Нарын шаарындагы Кычан Жакыпов орто мектебинде жаш тескөөчүлөрдүн облустук  таймашы болуп өттү. Анда облустагы беш жана шаардагы бир орто мектептин командалары катышты.

Желим таштандылар бир канча жыл бою жер кыртышында сакталат

Акыркы 20 жылдан бери күнүмдүк тиричилигибизде көчөдөн, бакчалардан, парктардан, эс алуу жайлардан бутка илешкен, же бакта илинген желим баштыктарды, бошогон идиштерди  көрүүгө болот.

Баетов: Элдик талант Динара Карабекова

Динара Карабекова Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин мугалими. Бирок бул кесип менен эле чектелип калбастан ар кандай сынактарга катышып турат.  ЭЛТР телеканалы уюштурган “Эл ичи өнө кенчи” теледолбооруна катышып, байгелүү …

Ага Хан фонду окуучулар арасында облустук сынак уюштурду

Нарын шаарындагы Борбордук Азия университетинде облустагы райондордун окуучуларынын арасында спартакиада болуп өттү. Сынак Ага Хан фонду тарабынан уюштурулуп, англис тилинде эркин сүйлөө, математика сабагы боюнча Акыл ордо жана кол өнөрчүлүк …

Баетовдо такталбаган жайыт чек ара маселелери көйгөй жаратат

Мындан төрт жыл мурда Баетов айылындагы жана ага чектеш айыл өкмөттөрдүн жайыт чек араларын комиссия менен бирдикте «Атлас плюс» уюму тактап, Терек, Ак-Чий участкалары мурдагы турган боюнча бөлүнгөн. Белгиленген чек …

Ак-Талаанын мектептеринде видео көзөмөл коюлат

Мындай маалымат райондогу мектеп администрациялары менен бирге өткөн коллегияда айтылды.

Ак-Талаа башка агымдарга багыт алган адамдардын саны боюнча алдыңкы орунда

Мындай маалыматты дин өкүлдөрүнүн ата-энелер жана окуучулар менен болгон жолугушуусунда Ак-Талаа районунун акими Семетей Черикбаев билдирди.

Баетовдо «Адеп башаты» коомдук фонду жыйын өткөрдү

Ак-Талаа райондук маданият үйүндө “Адеп башаты” коомдук фондунун жетекчиси Максат Таласбаев жана башка дин өкүлдөрү окуучулар жана ата-энелер менен жыйын өткөрүп, ыйман, адеп, маданият тууралуу ой-толгоолорун бөлүшүп, пикир алмашты.

Баетовдо «Алиппе» майрамы жыйынтыкталды

Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев орто мектебинде жеткинчектердин “Алиппе” майрамы белгиленди. Анда окуучулар жыл бою үйрөнгөндөрүн ата-энелерине, окуучуларга көрсөтүп беришти.

Жаңы-Талапта бүтүрүүчүлөр жаңы мектепке жемиш бактарын тигишти

Жаңы-Талап айылындагы Байымбет атындагы орто мектебинин быйылкы окуу жылындагы бүтүрүүчүлөрү жаңы мектепке жемиш бактарын алма, өрүк, кара өрүк  жана сирендин көчөттөрүн отургузушту.

Бөбөктөрдүн бакча менен коштошуу майрамы болду

Жаңы-Талап айылындагы Бөбөк-Тай бала бакчасында “Кош бол, бакчам” майрамы  болуп, жеткинчектер үйрөнгөндөрүн ата-энелерине көрсөтүштү. Майрамда бөбөктөр ырларды ырдашып, бийлерди бийлешип, жомок жана тамак көрүнүштөрдү коюп беришти.

Ыйман тазалыктын үстүнө курулат

“Ыйман, адеп жана маданият жылына” карата “Адеп башаты” коомдук фондунун өкүлдөрү Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев орто мектебинин окуучулары  менен жолугушуу өткөрдү.

Жол кыймылынын жаш инспекторлору күч сынашты

Бүгүн Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде жол кыймылынын жаш инспекторлорунун райондук сынагы болуп, ага Э.Карасартов, Ж.Сатылганов жана  Ш.Бейшеналиев мектебинин командалары катышты.

Дүйшөмбү
21 Аяк оона 2026
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...