Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Метка: Баетов

Жаңы-Талап айылында кайрымдуулук декадасы жыйынтыкталды

Ак-Талаа районундагы Байымбет орто мектебинде кайрымдуулук кылуу боюнча жарыяланган декада жыйынтыкталды. Анын алкагында класстык сааттар, линейка акциялар, ата-энелер менен бирге спорттук мелдеш, флешмоб өткөрүлүп,  кабинеттерге жана китепканага бурч уюштурулду.

Ак-Талаада орто мектептер билим берүүнү улантууга укук алышат

Үстүбүздөгү жылдын 15-ноябрынан тарта Кыргызстандагы жалпы билим берүүчү орто мектептер аккредитациядан өтө баштайт. Мектептер белгиленген баскыч менен өткөрүлөт.

Нурак Абдырахмановдун урпактары республикалык сынакта байгелүү болушту

Белгилүү комузчу, обончу Нурак Абдырахмановдун 70 жылдыгына карата күүлөрүн жана ырларын аткаруу боюнча 35 жашка чейинки атуулдар арасында республикалык сынак болуп өттү. Ага Ак-Талаа районундагы Нурак Абдырахманов атындагы балдар музыкалык …

Баетовдо СПИДге карата декада жыйынтыкталды

Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев орто мектебинде 1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата жарыяланган декада жыйынтыкталды.

Ак-Талаада СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата флешмоб өттү

Ак-Талаада 1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИДГе каршы күрөшүү күнүнө карата дубал гезиттер сынагы, 10-11-класстын окуучулары арасында веложарыш жана Бейшеналиев мектебинин окуучу кыздары даярдаган флешмоб өттү.

Баетовдо ардагер мугалим мектепке өздүк китептерин белекке берди

Ак-Талаа районундагы Баетов айылынын тургуну Шакен Аракеева өмүрүнүн 45 жылын балдарга билим берүүгө арнаган. Жолдошу Мукаш Балтабаев да учурунда мугалим, мектеп жетекчиси болуп эмгектенген. Шакен эже жакында Бейшеналиев атындагы орто …

Памирлик кыргыздар Ак-Талаа районунда болушту

Учурда Нарын районундагы Куланак айылында жашап жатышкан памирлик кыргыздар Ак-Талаа районунда болушту.

Баетовдо окуучулар тарых жана ата-бабаларды эскеришти

Ак-Талаа районундагы Баетов айылынын Бейшеналиев орто мектебинде 1916-жылдагы Улуттук боштондук көтөрүлүш, Улуу Октябрь революциясынын 100 жылдыгына, саясий репрессиянын 80 жылдыгына карата иш-чаралар өткөрүлдү.

Ак-Талаада маданият кызматкерлери сыйланышты

Ак-Талаа районунда маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди. Ал маданият үйүндө өтүп, салтанаттуу иш чарага маданият кызматкерлери менен бирге мекеме жетекчилери, айыл тургундары катышты.

Баетовдо окуучулар арасында аскердик мелдеш өттү

Баетовдо окуучулардын арасында “Мен Мекендин коргоочусу болом” аттуу аскердик мелдеш болуп өттү. Ага К.Молдобасанов, Э.Карасартов жана Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектептеринин бүтүрүүчү класстарынын окуучулары катышты.

Москвадагы акталаалыктар айылдашына жардам беришти

Орусияда иштеп жүрүшкөн акталаалык жигиттер жакында Баетов айылынын тургуну Замир Казиевге материалдык жардам беришти. Замирдин келинчеги да иштебейт. Өзү менен бирге апасы чогуу жашайт.

Баетовдо күз майрамы өттү

Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев орто мектебинде “Күз майрамы” өткөрүлдү. Ага мектептеги 5-11-класстын окуучулары катышты.

Баетовдо окуучулар Кыргыз эл акыны менен жолугушту

Кыргыз Эл акыны Надырбек Алымбеков Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев орто мектебинде окуучулар менен жолугушту. Жолугушуу алдында “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондусу тарабынан даярдалган фильмдер көрсөтүлдү. Андан соң Алымбеков окуучуларга жетишкен …

Ак-Талаада алдыңкы мугалимдер сыйланышты

Ак-Талаа районунда мугалимдерге арналган салтанаттуу иш-чарада билим берүүнүн алдыңкылары сыйланышты. Кесиптик майрамга карата райондогу 81 мугалим ар кандай сыйлык, майрамдык белектердин ээси болушту.

Баетовдо аба ырайынан улам электр жарыктары өчүүдө

Ак-Талаа районунда үч күндөн бери мезгил-мезгили менен суу аралаш жааган кар айрым айылдарда электр жарыктарынын өчүп калышына алып келүүдө.

Баетовдо кыз-келиндер арасында спорттук мелдештер болуп өттү

Ак-Талаа райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун ден соолук кабинети “Аз кыймылдуулук — ашыкча салмак” аттуу мекемелердеги кыз-келиндер арасында волейбол жана теннис боюнча мелдеш уюштурду.

Баетовдо кыргыз тил күнүнө арналган декада жыйынтыкталды

Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев орто мектебинде 23-сентябрь мамлекеттик тил күнүнө карата жарыяланган декада бүгүн жыйынтыкталды.

Баетовдо “Электрондук капчык” кызматы ачылды

“Айыл банктын” Ак-Талаа райондук филиалында “Электрондук капчык” кызматынын ачылыш аземи болуп өттү. Ага банктын кардарлары, айыл жашоочулары катышты.

Баетовдо айылдык акындын 70 жылдык мааракеси белгиленди

Баетов айылында акын жана журналист, өлкөгө өзгөчө эмгек сиңирген ардагер, Тоголок Молдо атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси Өмүрбек Дөлөевдин 70 жылдык  мааракеси өткөрүлдү.

Ак-Талаада орто мектептер ремонттон өттү

Ак-Талаадагы орто мектептер жаңы окуу жылына карата учурдагы ремонттон өткөрүлдү. Райондогу 18 орто мектепти ремонттоого республикалык бюджеттен 581 миң сом бөлүнгөн.

Жекшемби
20 Аяк оона 2026
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...