Үстүбүздөгү жылдын 15-ноябрынан тарта Кыргызстандагы жалпы билим берүүчү орто мектептер аккредитациядан өтө баштайт. Мектептер белгиленген баскыч менен өткөрүлөт.
Ак-Талаа районундагы тогуз орто мектеп декабрь айында, ал эми калган тогуз мектеп келерки жылдын февраль айына чейин өтөт. Учурда аккредитациядан өткөрүү үчүн мектептерде акыркы үч жылда жүргүзүлгөн бардык иштер: мектептин окуу-техникалык базасы, окуу процессиндеги жасалган иштер, олимпиаданын, ЖРТнын көрсөткүчтөрү, окуучулардын өздөштүрүүсү, класстан тышкаркы ата-энелер, окуучулар менен жүргүзүлгөн иштердин портфолиосу түзүлүп, билим берүү бөлүмдөрүнө тапшырылууда.
Андан соң бөлүмдөгү адистер портфолиону жеринен карап чыгышкандан кийин министрликке тапшырылат. Адегенде топтолгон документтердин портфолиосун карап чыгуу үчүн билим берүү бөлүмүндөгү адистер атайын окуудан өтүшөт.
Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев:
— Мектептер аккредитациядан КРнын Өкмөтүнүн токтому жана КРнын билим берүү жана илим министрлигинин буйругуна ылайык белгиленген убакта өткөрүлөт. Негизги максаты: мектептеги билим берүүнүн сапатына баа берүү, белгиленген кийинки мөөнөткө чейин сапаттуу билим берүүгө укук жана мүмкүндүк берүү. Эгерде аккредитациялоодо кандайдыр бир көрсөткучтөр дал келбей калса, мектеп шарттуу түрдө өткөрүлөт. А эгерде көрсөткүчтөр таптакыр дал келбесе анда укук берүүдөн баш тартылат. Эми өтпөй калышы мүмкун эмес. Анткени ар бир мектептин кандайдыр бир денгээлде сапаттык көрсөткүчтөрү бар.
Сүрөт архивдик.
Даярдаган: Г.Мамытбекова