«1-декабрь бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө» карата Ысык-Көл облусунун Кара-Талаа айылындагы Болот Алаков орто мектебинин окуучулары флешмоб уюштурушту.
Уюштуруучулар 11-классынын окуучулары болду. Флешмобду уюштуруучулардын бири, мектептин бүтүрүүчүсү Айгерим Адикова:
— Биз жаштарга СПИД илдетин алдын алуу максатында атайын сабак өттүк. Сабакка окуучулар активдүү катышып беришти. Сабагыбыз мына ушул күнгө байланыштуу СПИД масалесине арналды. Ага улай эле окуучулар арасында флешмоб бийин уюштурдук.
Уюштуруучулар 3 күн аралыгында флешмобду даярдаганга жетишишкен. Айрым окуучулар бий менен өздөрүнүн чеберчиликтерин көрсөтө алышты.
Буга чейин бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүндө көптөгөн иш чаралар өтүлүп келчү. Алсак, Улахол округуна кирген айылдардын арасында атайын конкурс өткөрүлүп, баш байгеге атайын диплом, грамоталар жана ошондой эле белектер менен сыйланышкан.
Бул иш-чарада айылдар арасындагы «үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу» калыстык кылышкан. Алар ден соолукту алдын алуу тууралуу жана эрежелерди сактоонун жолдору тууралуу кеңеш беришкен.
Иш-чарага катышкан 7-класстын окуучусу Таалайбек Балбаев:
— Орус тили мугалими Шайыркүл Керимкожоева тапшырмасы менен биз флешмоб бийин даярдаганбыз. Бул бийге 7-класстан жогорку класстар катышышты. Формаларыбыз дагы окшош болуп, бул флешмоб бардыгына жакты деген ойдомун.
Бул флешмоб айылда биринчи жолу өткөрүлгөндүгүнө байланыштуу айыл тургундарынын кызыгуусу артты.
Даярдагандар: Үмүтай Аттокурова, Айгерим Адикова