Кыргызстандын экономикасынын төмөн болушу бардык аймакка таасир тийгизет жана жумушсуздукту алып келет. Тоң районунун Кара-Талаа айылында жумушсуздуктун кесепетинен жаштар жашоо пайдубалын түптөө максатында чет мамлекеттерге жумуш издеп кетишүүдө.
Ысык-Көл облусунун Кара-Талаа айылындагы Болот Алаков атындагы мектепте жаңы керектүү каражаттар алынып колдонууга берилген.
Ысык-Көл облусунун Кара-Талаа айылындагы окуучу кыздар дзюдо күрөшүнө кызыгып башташты. Буга чейин айылда кыздар күрөшүнүн кружогу жок болчу.
Кара-Талаа айылынын Болот Алаков атындагы орто мектебинин 7-классынын кыздары бири түймө түйүп, экинчиси кагаз менен иштесе, үчүнчүсү шуруларга жан киргизет.
Кара-Талаа — Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы айыл. Улакол айыл аймагы курамына кирет.
Кара-Талаа айылындагы Кудайменде паркында 30 карагай тигилди. Мурда парктын ичинде Кудайменде атанын эстелиги менен отургучтардан башка бак-дарактар жана карагайлар жок болчу.
Ысык-Көл облусунун Кара-Талаа айылынын тургуну Гүлзат Кеңешбекова кол өнөрчүлүк менен кошумча киреше таап алектенгендердин бири, ал 15 жылдан бери бул иш менен алектенет.
20-мартта Болот Алаков атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин 8-класстарынын Нооруз майрамына арналган кечеси болуп өттү.
Тоң районуна караштуу Кара-Талаа айылынын тургуну өзүнүн күчү менен күнөскана курду. Күнөскана айыл тургундарын жер-жемиштер менен Балыкчынын баасында камсыз кылып жатат.
Тоң районундагы Кара-Талаа айылында спортзал салынууда. Аны «Кумтөр» ишканасы каржылап жатат.
Тоң районуна караштуу Кара-Талаа айылынын Болот Алаков мектебинде класстар аралык сынак болуп өттү. Ал орус тил жумалыгы боюнча даярдалып «Что скажет народ?» деп аталды.
Ысык-Көл облусунун Кара-Талаа айылындагы Болот Алаков орто мектебинде башталгыч класстардын окуучулары ысык тамак менен камсыз болушту.
Зергерликке болгон кызыгуунун арты менен ийгиликке жетишкендердин бири Тоң районунун тургуну Кубанычбек Алтынбеков. Ал зер буюмдарды жана ат жабдыктарын жасайт.
Тоң районуна караштуу Кара-Талаа айылынын тургуну Азамат Эшимов курулуш материалдарын чыгаруучу чакан цех иштетүүдө. Ал айыл элине кызмат кылуу эле эмес айыл тургундарын жумуш менен камсыздоону да каалайт.
Республикалык масштабда баардык мектептерде бирдиктүү форма кийилүүдө. Форма жогорку жана кичине класстардын окуучуларына ылайыкталып тигилген жана мугалимдер үчүн дагы атайын бирдиктүү форма чыккан.
Тоң районуна караштуу Болот Алаков атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде чет тил жумалыгы болуп өтту. Бул жумалыкка 5-класстан 11-класска чейики окуучулар катышышты.
«1-декабрь бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө» карата Ысык-Көл облусунун Кара-Талаа айылындагы Болот Алаков орто мектебинин окуучулары флешмоб уюштурушту.
Тоң районуна караштуу Кара-Талаа айылындагы жаңы конуштардын биринде айыл тургундарын жарык менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн жаңы трансформаторлор коюлуп, ишке берилүүдө.
Күз мезгилинин келиши менен Тоң районунун Кара-талаа айылында өрүктүн сезону бүтүп, эми айыл эли алмурут менен алпурушушууда.
https://www.playbuzz.com/attokurovaumutai10/5-16-2017-10-43-20-am