Ысык-Көл облусунун Кара-Талаа айылындагы Болот Алаков орто мектебинде башталгыч класстардын окуучулары ысык тамак менен камсыз болушту.
Мектеп директору Суйөрбек Кукеевдин айтымында, окуучулардын ысык тамак менен камсыздалышына «Кумтөр» компаниясы көмөк көрсөткөн.
— Окуучуларыбыз ысык тамак менен камсыз болушуп, алар үчүн эң жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлүп берилди. Ысык тамак «Кумтөр оперейтинг» компаниясынын өнөктөштүгү менен каржыланды. Мындан тышкары айыл өкмөтү тарабынан жардам көрсөтүлүп жана мектептин фондуна түшкөн акча менен каржыладык. Азык-түлүгүн ата-энелер жана айыл өкмөтү төлөп беришет. Ашканабыз толугу менен ремонттон өткөзүлдү. Азыркы учурда бир ашпозчу жардамчысы менен иштейт.
Башталгыч класстардын жетекчиси Аида Жайнакова:
— Окуучуларга ысык тамак берилсе билим берүү сапатында өзгөрүүлөр байкалат. Ошону менен бирге көңүлдөрү да куунак болуп жүрүшөт. Айрым окуучулар эртең мененкисин табити тартпай келишет, сабакка дагы көңүл буруусу начарлайт.
Учурда ашпозчу болуп иштеп жаткан Назира Абдрахманова:
— Тамактын менюсу күндөгү кайталанбайт, 1 жумада 2 жолу эт менен мастава жасалат, айрым учурларда сүт, кактан жасалган компоттун түрлөрү ассорти жана пирожки, айрандар берилет. Кашаны болсо түрлөп жасайбыз.
Даярдагандар: Жаңылай Тилекова, Нурай Табылдыева, Үмүтай Аттокурова.