Тоң районуна караштуу Кара-Талаа айылынын Болот Алаков мектебинде класстар аралык сынак болуп өттү. Ал орус тил жумалыгы боюнча даярдалып «Что скажет народ?» деп аталды.
«Эл эмне дейт?» аталышындагы таймашта 7-11-класстар арасында тарбиялык мааниси бар тамаша уюшулган. Активдүү катышкан окуучулар атайын белектер менен сыйланышты. Бул жумалык окуучулардын орус тилинде эркин баарлашуусуна түрткү берүү үчүн уюштурулду.
Орус тили мугалими Шайыркүл Керимкожоева:
— Биз орус тили жумалыгына карата окуучулар үчүн ар кандай тапшырмаларды берип, конкурстарды уюштуруп турабыз. Бүгүнкү сынак тарбиялык маанини камтыды. Конкурстардан тышкары стендгазеталарды чыгарышат. Орус тили боюнча конкурстар ушу менен токтоп калбай, дагы көптөгөн жакшы номерлерди өткөрүп турабыз.
10-классынын окуучусу Сыргажан Баатырбекова:
— Бул конкурс «Эл эмне дейт?» деп аталган көрсөтүүдөн алынган. Биз орус тилине которуп, аткарып бердик. Актердук чеберчиликтерибизди жакшы көрсөттүк. Бул конкурстун аркасы менен окуучулар жакшы таасир ала алышты.
Даярдагандар: Жаңылай Тилекова, Үмүтай Аттокурова, Нурай Табылдыева.