Ысык-Көл облусунун Кара-Талаа айылындагы Болот Алаков атындагы мектепте жаңы керектүү каражаттар алынып колдонууга берилген.
Алар ким тарабынан берилди жана кантип колдонуп жатышкандыгын билүү үчүн мектеп мүдүрү Сүйөрбек Кукеевге кайрылдык :
Айыл ичине интернет коюлуп жаткандыктан биз дагы кур калбай мектеп ичине киргизип алдык. Уруксатына жалпы 5000 сом, ал эми ай сайын 700 сомдон төлөнүп турат. Бул нерсени мектеп өзүнүн бюджетинен камсыздады. Ал эми интерактивный доска жана тигүүчү машиналарды, кол устачылыкка керектүү шаймандарды айылыбыздын мыкты депутат жигиттери- Түмөнбаев Максат жана Догдурбеков Азамат биргелешип алып беришти. Ал балдарыбыз алып берген куралдар менен мектептен аз болсо дагы кесиптик билим алып чыгышат.
Мектептин жаңы жабдыктары мугалимдер үчүн да пайдасын тийгизүүдө. Себеби, сабак өтүүдө жана сабакка даярданууда мугалимдер бул жабдыктарды колдонорун физика мугалими Тамара Иманкулова билдирди:
«Мектепке интернет түйүнү коюлгандан бери, мугалимдерге бир топ жеңилдик болду десем жаңылышпайм. Мугалимдер өзунө керектүү маалыматтарды, дилбаяндарды, доклад, реферат жана башка маалымат булактарын таап, колдоно алышат.Азыркы учурда 9-10-11- класстарынын предметтик мугалимдери ар кандай маалыматтарды, тесттерди чогултуп окуучуларына интерактивный доскага чагылдыруу менен иштетип аны кайра чогуу талдап чыгышууда. Мындай нерселер окуучулардын билим сапатын жогорулатып, акылдарына акыл кошот. Бул жактан жеке эле мугалимдер эмес, окуучулар дагы уруксат кагазын көргөзүп, өзүлөрүнүн керектүү иштерин бүтурүп алса болот. Ал эми телевизор менен түрдүү каналдардан берилген мектепке тийиштүү берүүлөрдү көрүүгө мумкун. Жалпылап айтканда мектепке берилген бул буюмдар чон жардамын көрсөтүүдө».
Бул жаңыланууга мектеп окуучулары да ыраазы .7- классынын окуучусу Асел Сабырбекова өз оюу менен бөлүштү:
« Мектеп ичине Wi-fi коюлгандан кийин кошумча сабактарга катышып, өзүбүзгө керектүү предметтерди электронный тест жүзүндө иштеп жатабыз.Убакытты текке кетирбей бош учурларда уруксат кагаз менен керектүү маалыматтарды чогултуп, өзүбүзгө пайда таап жатабыз. Мугалимдердин да окуучуларга кылган аракеттери зор. Предметтик мугалимдер ЖРТнын бөлүмдөрү боюнча даярдап, бизге чоң жардам кылып жатышат. Жана биз албетте мугалимдердин эмгегин актоого аракет кылабыз».
Мектепке жакшы шарттардын түзүлүшү учурдун талабы болууда. Техниканын өнүгүшү менен дээрлик көпчүлүк мектептерде интернет жана интерактивдүү доскалар коюлуп жатат.
Даярдагандар: Айдай Узакова,Гүлкайыр Табылдиева