Зергерликке болгон кызыгуунун арты менен ийгиликке жетишкендердин бири Тоң районунун тургуну Кубанычбек Алтынбеков. Ал зер буюмдарды жана ат жабдыктарын жасайт.
Кардарлар буйрутма беришип, кээ бирлери буюмдун сүрөттөрүн өз каалоолору менен тандашат. Алтын көп колдонулбагандыктам көбүнчө күмүш, ар кандай металлдар: мельхиор, латунь, жез жана алюминийден жасалат. Көбүнчө жаш кыздар жана балдар буйрутма кылышат. Алар ысымы жазылган чынжырларды же ар кандай жазуусу бар шакектерди каалашат.
«Элде жок өзүңдүн идеяң менен иштеп, бирөөнүкүн көчүрбөй жасаса жакшы, өзгөчө да болот. Бензин менен иштегениме байланыштуу чачымды күйгүзүп алган учурларым болду. Келечекте өзүмө жеке менчик ишкана ачып, жаш балдарды үйрөтсөм дейм», — деди Алтынбеков.
Ал зер буюмдарын миң сомдон 3 миң сомго чейин, ал эми ээрлерди 80 миңден 150 миң сомго чейин сапатына жараша баалап сатат.
Даярдагандар: Үмүтай Аттокурова, Адинай Кадырбекова, Нуркыз Айдарбек кызы.